«Бешинчи каналдын» журналисттери республикалык моргдогу жана парламент имаратындагы иш шарттары жөнүндө сюжет тартышты. Салыштырууга депутаттар моргдун начар абалы тууралуу медицина кызматкерлеринин арыз-арманына нааразы болгону себеп болду.

Республикалык морг акыркы күндөрү 38 кишинин өмүрүн алып кеткен «Манас» аба майданынын жанындагы кырсыкка байланыштуу сыналгыдан көп көрсөтүлдү. Андагы иш шарттарын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын кеңешчиси Елена Баялинов «Фэйсбуктагы» өз баракчасында сүрөттөп берген.

«Дарыгерлерге: “Арызданбагыла, эч нерсе сурабагыла!” деп айтышат. Анан алар унчукпайт. Орто кылымдын шартында орто кылымдагы аспаптар менен иштегенин да, көп нерсени өз эсебинен сатып алганын да, ал тургай өз биоматериалын иликтөөгө садага чапканын да айтышпайт…», — деп жазган ал.

Медиктердин арманы парламент депутаттарынын бирине жакпай калган. Бул тууралуу «К-Ньюс» маалымат агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери айтышкан. Алардын сөзү боюнча, белгисиз депутат алардын арызы «өлкөнүн кадырын кетирет» деп эсептеген.

Депутаттын нааразылыгынан кийин «Бешинчи канал» 19-январда сюжет чыгарды, анда журналист Юрий Копытин моргдун абалын парламенттеги иш шарттарына салыштырат.

Сюжетте автор моргду мындайча сүрөттөйт: «Өлүктөрдү сактоо камерасы толуп чыккан. […] Жыты адам чыдагыс. […] Каржылоонун көпчүлүк бөлүгү эски имаратты кармап турууга кетет, ал болсо көз көрүүнө эле урап баратат».

Журналисттин айтымында, өлүкканадагы дарыгерлер өз иши үчүн 5-6 миң сом алышат, ал эми айрым аспаптарды өз акчасына сатып алганга мажбур.

Копытин моргдун кызматкери Эрмек Максутовдун сөзүн келтирет. Анын айтымында, аспаптардын бир бөлүгүн аларга «Кызыл чырым» уюму бөлүп берген, бирок алар да эскилиги жеткен. Журналисттин сөзү боюнча, моргдо скальпелдин ордуна ашкана бычактары, электр араанын ордуна кадимки араалар жүрөт.

Моргдон кийин сюжет парламент имаратында уланат.

Копытин фойедеги эмерек «абдан ыңгайлуу, жумшак экенин», ал эми буфетте «тамакты тандап жесе болоорун» айтат. «Парламенттегилер руханий азык жөнүндө да ойлоп коюшкан — алардын талабы менен намазкана курулган. […] Өздөрүнүн китепканасы да бар», — деп улантат баянын сюжет автору.

Копытиндин сөзү боюнча, депутаттар өз иши үчүн 50 миң сом алып, кошумча да талап кылышат.

«[Депутаттар] медицина кызматкерлеринен "оозуңарды жапкыла, өлкөнү уят кылбагыла" деп талап кылып жатышат. Бирок балким депутаттар өздөрү келесоодой демилгелерди көтөрүп, туура болсо-болбосо деле ооз ача бергенин азайтса, сурабаган ишке кийлигишпесе, республиканын аброюна азыраак зыян келет эле. Анан VIP-персоналар өлгөндөн кийин аларды кандайдыр VIP-морг күтүп турат деп ойлошсо керек. Бирок чындыгында эч кандай VIP-морг жок. Ушул биз көрсөткөнү гана бар», — дейт сюжеттин аягыгында автор.

«Өлкөнүн аброюна зыян келтирет»

38 кишинин өмүрүн алган «Боинг-747нин» кыйрашынан кийинки күнү Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын кеңешчиси Елена Баялинов «Фэйсбуктагы» өз баракчасында республикалык моргдун кызматкерлери кандай шартта иштеп жатышканын сүрөттөп берген.

Ал Республикалык сот-медициналык экспертиза бюросунун өлүктөрдү изилдөө бөлүмүнүн башчысы Эрмек Максутов моргдун абалы тууралуу айтып берген видеону да жарыкка чыгарган.

«Санитарлар ысык суусу жок иштегенден чарчады, бизге түтүк өткөрүп беришкен, бирок алар жарылып калды. Кафель Советтер Союзунан бери жаңырган эмес. Вентиляциялык системанын иш өзгөчөлүгүнөн улам жыт төртүнчү кабатка барып турат. Саламаттык сактоо министрлиги оңдоо иштерине акча жок экенин айтты», — деди ал.

Ошондон кийин Баялинова депутаттардын бири республикалык моргдун мүшкүлдөрү тууралуу ЖМКга ким айтып бергенин иликтей баштаганын билдирди.

«Депутаттар авиакырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге тартылган бардык мекемелердин жетекчилерин бирден килемге чакырып жатышат. Аларды иштен алаксытып жатышат. Алар коомдук түйүндөрдө чарпышканга да убактысы жетет. Борбордогу өлүкканада бир көчмө жыйын өткөрүп, ал эл аралык стандартка такыр эле туура келбей тургандыгын, ал жакты муктаждык ээлеп алганын өз көзү менен көрүшсүн», — деп жазды ал «Фэйсбуктагы» өз барагында.

Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери «К-Ньюс» маалымат агенттигине аларга парламент депутаты чалып, кыйынчылыктар тууралуу айтып беришкени үчүн урушканын айтып беришти.

«Бизге эртең менен Жогорку Кеңештен чалып, моргдун маселесин ким эмне себептен көтөрүлгөнүнө кызыгышты. Депутат бул өлкөнүн аброюна шек келтирээрин, мындай кайгылуу учурда аны айтуу туура эмес болгонун айтып жатат», — дешти министрликтегилер.

ТЕМА БОЮНЧА: