Италиянын тоолуу аймагындагы «Ригопиано» мейманканасына 18-январда көчкү түшүп, үч кабаттуу имаратты он метрге жылдырып, тамын сындырып салган. Мейманканада 30дан ашык адам болгон, анын 20сын куткаруучулар таап чыгышкан.

«Ригопиано» мейманканасына көчкү түшкөндөн кийин Италиянын ӨКМси 40 сааттан ашык издөө жүргүзүп, аман калгандарды таап чыгышкан. Би-Би-Синин маалыматы боюнча, куткарылгандардын экөөсү жаш балдар. Reuters маалымат агенттигини ырасташынча, кар көчкүнүн астынан төрт баланы алып чыгышкан.

Спасатели зондируют снег. Фото: Reuters
Куткаруучулар карды караштырууда. Сүрөт: Reuters

Адамдар кардын астында эки күн болушкан. Алар тик учак менен кооптуу аймактан эвакуацияланган. Мейманканадагы төрт адамдын көз жумганы тастыкталган.

Фото: CNN
Сүрөт: CNN
Фото: CNN
Сүрөт: CNN

Кар менен таштандылардын арасынан кол менен тинтүү жүргүзүлүп, иттердин жардамы да пайдаланылган.

Фото: CNN
Сүрөт: CNN

Италиянын өрт кызматынын сайтында жазылгандай, 20-январга карата тогуз адам көчкүнүн астынан чыгарылган. Бирок куткаруу иштери дагы эле уланууда.

Отель был полностью накрыт снегом. Фото: Vigili del Fuoco/Handout via REUTERS
Мейманкананы кар басып калган. Сүрөт: Vigili del Fuoco/Handout via REUTERS
Фото: CNN
Сүрөт: CNN
Фото: CNN
Сүрөт: CNN

Аймакта кар жаап, кардын калыңдыгы беш метрге чейин жетет. Чукул кызматтын өкүлдөрү мейманканага чейин лыжа менен барууга туура келгендиктен, алар 19-январь күнү эртең менен араң жеткен.

Фото: Agence France-Presse
Сүрөт: Agence France-Presse

Мейманканага барган жолдор кар менен тосулган, куткаруучулар аман калгандарды издегенче, бийлик мейманкананын жолун тазалоодо.

лавина

«Ригопиано» мейманканасында тургандардын биринен «Жардамга, биз тоңуп атабыз» деген кабар түшкөн. Мейманкана 18-ноябрда Гран-Сассо тоосунан түшкөн көчкүнүн алдында калып калган.

Накануне лавины в регионе был сильный снегопад - спасателям пришлось добираться до отеля по пятиметровому слою снега.

Мейманкана Абруццо аймагында жайгашкан, анда 18-январда жер титирөө катталып, кар көп жааган.

ТЕМА БОЮНЧА: