«Биз Евробиримдикке бүгүн киргенге даярбыз»: Атамбаев Euronews эфиринде эмнелерди айтты?

Кыргызстандын президенти Европанын Euronews телеканалына маек куруп, укук коргоочу Аскаров, коррупция, ЕАЭБ жана ИМ катарындагы кыргызстандыктар темасында талкуу болду.

Президенттин интервьюсун толугу менен бул жерден көрсөңүз болот. Төмөндө Алмазбек Атамбаевдин жоопторун кыскартылган түрдө сунуштайбыз.

Укук коргоочу Аскаровго чыккан өкүмдүн мыйзамдуулугу жөнүндө

Өкүмдүн мыйзамдуулугунан күмөн саноо үчүн Брюсселде же болбосо Нью-Йоркто отурбаш керек. Жок дегенде бул процесске аралашыш керек. […]

Кайсы өлкөнүн болбосун сотун сыйлаш керек деп эсептейм. Анын үстүнө биздин өлкө Евробиримдиктин өлкөлөрүндөй же болбосо Америка Кошмо Штаттарындай эле урмат-сыйга татыктуу деп ойлойм.

Чынын айтайын: мен үчүн да ушул жылдарда Аскаровдун иши баш оору болду. […]

Мен 15 жылдан ашык убакыттан бери оппозицияда болдум. Мен эч качан укук коргоочу Аскаров, журналист Аскаров жөнүндө уккан эмесмин.

Бул Аскаровдун окуясы АКШнын аскердик базасын жабууну өтүнгөнүбүздө чыкты. […]

Андан тышкары учурда Аскаров өкүмгө арызданып анын иши Жогорку сотто каралат. Кандайдыр бир күмөн санаган ким болсо да келип, процесске жеринен көз салса болот.

Коррупция жөнүндө

Бизде коррупция менен күрөштүн шарапаты менен акыркы беш жылда бюджеттин киреше бөлүгү үч эсеге өстү. […]

Коррупция менен күрөштүн натыйжасы менен гана биз кандайдыр бир экономикалык көйгөйлөрдү чече алдык. […]

Соңку беш жылда биз мугалимдердин орточо айлыгын төрт эсеге көтөрө алдык, ал эми дарыгерлердин орточо айлыгын — үч эсеге. Учурда, албетте, бул айлык жогору эмес, бирок биз бул акчаларды коррупция менен күрөштүн негизинде таба алдык. […]

Бажынын өзүндө эле, качан мен президент болгондо, алгачкы үч жылда биз жыйымдарды үч эсеге көбөйттүк, коррупция менен күрөштүн негизинде. […]

Бизде кол тийбестер жок. Бизде президент Атамбаевдин аппаратын жетектеген адам мыйзамды бузганы үчүн отуруп чыкты.

ЕАЭБ жөнүндө

Эгер биз Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирбесек, биз блокадада калмакпыз. Качан 2010-жылы Казакстан бизди бир жарым ай блокадага алганда бизде адамдар да курман болгон. […]

Мына, биз Евробиримдикке бүгүн киргенге даярбыз. Мен муну сунуштагам, мага жалпы чек арабыздын жок экенин ачык эле айтышты. Анда бизге эмне сунуш кыласыңар? […]

Учурда бул биримдик [ЕАЭБ], мисалы Кыргызстанга да пайдалуу. […]

Орусияда жарым миллиондон ашуун биздин эмгек мирганттарыбыз эмгектенип жатышат. Алар ар кандай себептерден улам көз карандысыздык жылдарында ал жакка кетүүгө мажбур болушкан.

Айрымдары 20-30 жылдан бери жашап жүрүшөт. Ал эми ЕАЭБге киргенден кийин алардын жок дегенде укуктары пайда болду. […]

Украинанын чыгышындагы чыр-чатак жөнүндө

2010-жылы революциядан кийин бизде да июнь айында улут аралык жаңжал уюштурулган, оюмча, белгилүү бир атайын кызматтар тарабынан. […]

Мен премьер болчумун, кийин президент болдум, бирок мен эч качан Москвага же Вашингтонго телефон чалган эмесмин. Мен өзүм ошол жерлерге баргамын. […]

Качан мага, мисалы, «жолду тосуп койду, аларга пенсиясын токтотуп коёлу, жарыгын өчүрүп коёлу» деп айтканда, мен «токтогула, анда бул адамдар биз бир өлкөдө жашабай калдыкпы деп айтат» дегем.

Баса, качан Украинада революция болгондо, мен албетте колдогом. Анткени биздин да башыбыздан өткөн. […]

Президенттик шайлоого даярдык жөнүндө

Кыргызстандын президенти ким болоорун Москва да, Вашингтон да чечпейт, Кыргызстандын жарандары өздөрү чечет. Мага ишенип койгула, биздин өлкөбүз жана адамдарыбыз башкача, өз көйгөйүбүздү өзүбүз чечебиз. […]

ИМ жана терроризм жөнүндө

Бул балекеттин баары, игил-мигилдер, радикалдык агымдар адамдардын сабатсыздыгынан улам чыгып жатат. Соңку жылдарда, былтыр, быйыл да өлкөдөгү билим берүүгө башка мамлекеттердегидей 4-5 пайыз эмес, 24 пайыз багыттап жатабыз. […]

Бизде азырынча болгону бир эле теракт болду: кытай элчилигинде. Биз аны дароо ачып чыгып, кайра кайталанбашы үчүн чара көрдүк. […]