Шайлоо-2017: Атамбаев Жээнбековду ачык колдой баштады (үгүт иштери башталганга чейин 78 калды)

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев президенттикке талапкрелигин койгондордун ичинен учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду колдогон пикир билдирди. Бирок президент шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын үгүт иштери боюнча эрежелерин бузган болуп калышы ыктымал.

Казан шаарындагы басма сөз жыйынында сүйлөп жатып Атамбаев премьер-министр Жээнбеков «аябай тартиптүү, өлкөдөгү агымды улантып кете ала турган» саясатчы деп билдирди.

Эгерде президенттин сөзүнө үгүт катары баа бериле турган болсо, анда өлкө башчысынын айткандары «Шайлоо жөнүндөгү» мыйзамдарга карама-каршы келип калышы мүмкүн.

Мыйзамдын текстине ылайык, шайлоо алдындагы үгүттөө — кандай гана болбосун «шайлоочуларды тигил же бул талапкерге добуш берүүгө түрткөн» ишмердүүлүк.

2017-жылдагы президенттик шайлоого үгүт иштерин жүргүзүү 10-сентябрда талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин гана башталат.

Бирок Казанда 24-июнь күнү сүйлөгөн сөзүндө Атамбаев Жээнбеков тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

«Бул өлкө үчүн жакшы тандоо болмок. Ал аябай тартиптүү, чынчыл адам. Менин оюмча, ал өлкөдөгү ачык жана чынчыл коомду түзүүгө багытталган агымды улантып кете алмак».

Жеке ой-пикирби же мыйзам бузуубу?

Жээнбеков — бийликчил социал-демократтар партиясынан (КСДП) 15-октябрдагы президенттик шайлоого катыша турган ыктымал талапкер.

Расмий түрдө эч бир талапкер каттала элек, ал эми КСДП өз кишисин 15-июлда өтө турган съездинде тандайт. Бул киши Жээнбеков болобу-жокпу Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө көп деле шек жарата элек.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин сайты.

«Прецедент» тобунун юристи Эдил Эралиев Атамбаев премьер-министрди колдоо менен өз ой-пикирин билдирип, үгүт жүргүзүү жөнүндөгү мыйзамды бузган эмес деп эсептейт.

Андан тышкары кандай болгон жагдайда да президентти жоопкерчиликке тартканга болбойт.

«Бизде президенттин кол тийбестиги бар, ага кылмыш жоопкерчилиги да, административдик жоопкерчилик да өтпөйт», — деп белгиледи Эралиев.

Бирок укук коргоочу Рита Карасартова Борбордук шайлоо комиссиясына президенттин сөздөрү боюнча арыз жазуу ниетинде.

«Анын тексти даана эле үгүттөөгө багытталган болчу. Биз унчукпай калбайбыз, биз бул тууралуу жазып, сүйлөй беребиз. Анткени президент өзү мыйзам бузуп атса, кайдагы мыйзамдуулук жөнүндө сөз кылсак болот?» — деди ал Kloop.kgнин кабарчысына курган маегинде.

Боршайком менен президенттин администрациясы бул тууралуу азырынча эч кандай комментарий бере элек.