Красноярсктын депутаттары эмгек акыларын эки эсе көбөйтүп алышканын теле алып баруучу кантип мыскылдады?

Красноярск ТВК телеканалынын алып баруучусу Александр Смол жергиликтүү депутаттар эмгек акыларын 200 миң рублга чейин, эки эсе көтөрүп алганына таңдануусун жашырбастан түз эфир учурунда «куттуктады».

Эртең мененки көрсөтүү учурунда ТВК телеканалынын алып баруучусу Александр Смол Красноярсктын мыйзам чыгаруу чогулушунун депутаттары өздөрүнүн айлыктарын көбөйтүп алганы тууралуу айтып жатып, өз сезимин жашыра алган жок.

Смол депутаттардын эмгек акылары көтөрүлгөндүгү туурасында айтаар алдында көрүүчүлөргө саясат жөнүндө жагымсыз маалымат жакпаса анын ордуна барып «тишиңерди жууп келгиле» деп кеңеш берген.

«Бул өтө мыкты! Силер туура жол менен бара жатасыңар! Бир жакка шайланып келип, анан кайра өзүңө эмгек акыны көтөргөн бул өтө эле сонун. Учурда эл өкүлү 100 миң рубль алса, эми 200 мин рубль алат. Мен силерге алкыш айтам, өзүңөрдөн эч нерсе аябагыла. 100 миң рублга кантип жашап келгенсиңер? Мен элесте албайм», — деп шылдыңдады алып баруучу.

Телеканалдын башка кызматкерлери дагы аны кол чаап колдошту.

Смолдун билдиришинче, депутаттар мугалимдердин, дарыгерлердин жана китепканачылардын эмгек акыларын көтөрүү маселесин карашмак, бирок жыйынтыгында өздөрүнүн эмгек акыларын көтөрүүгө добуш беришкен.

«Балдар, силер азаматсыңар! Дарыгерлердин айлыгын көтөрөбүз деп, өзүңөрдүкүн көтөрүп салдыңар. Дарыгерлер көп, китепканачылар аз, бирок ага карабастан бул өтө көп сан, болгонда дагы капкайдагы мамлекеттик кызматкерлер да. Эмне кыласыңар аларды! Балдар биз азыр мыйзам чыгаруу залында калдык да. Келгиле андан көрө өзүбүздүн акыны көтөрөлү» — деп улантты Смол.

Эмгек акыны көтөрүү боюнча чечим бир добуштан колдоого алынып, болгону бир гана депутат Иван Серебряков добушун берген жок. Анткени ал жыйындан эрте чыгып кетип калган. Серебряковдун айтымында, жыйындын этегинде «маанилүү эч нерсе каралбай», ошол ушурда эмгек акыны көтөрүү боюнча чечим кабыл алынган.

«Биз бул мыйзам долбоорун комитетте талкуулаганбыз, бирок ал депутаттарга тийиштүү эмес болчу, ал мамлекеттик, муниципиалдык ишканалар кызматкерлеринин, врачтардын, китепканачылардын жана башкалардын акысын көбөйтүүнү шарттамак, бирок жыйынтыгында ушундай түшүнбөстүк болуп отурат», — деди депутат.

Серебряковдун айтымында, айлык маяналардын көтөрүлүшүнө добуш берген депутаттардын көпчүлүгү президентке караштуу «Бирдиктүү Орусия» партиясынан болушат.

Өзгөрүүлөргө Красноярсктын губернатору кол койгон, ал эми жергиликтүү бийлик ТВК каналына курган маегинде депутаттар тарабынан кабыл алынган мыйзам «эч нерсени көтөрбөйт», болгону маянаны «көтөрүүгө шарт түзөт» деген.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: