Премьер-министр жөө күлүк Дарья Маслованы сыйлады

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жеңил атлетика боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Дарья Маслова жана турнир биринчилигиндеги коло медалдын ээси Адилет Кыштабеков сый акы жана сааттар менен сыйланышты.

Жээнбеков спортчуларды утуп алган медалдары менен куттуктап, аларга жана машыктыруучуларына сый акы жана сааттарды тапшырды.

«Кыргыз спортунун тарыхында Дарьянын жеңиши уникалдуу, мен сыймыктануу менен кабыл алдым. Силер эл аралык спорт аянтында Кыргызстандын татыктуу өкүлдөрү болуп калдыңар. Мен жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатын көрүп, биздин спортсмендерге чын дилден жан тартып жаттым», — деди өкмөт башчы.

Сооронбай Жээнбеков ар бир жеңиш спортчу менен машыктыруунун талыкпаган эмгегинин жыйынтыгы экенин баса белгиледи. Премьер-министр жеңил атлетчилер менен машыктыруучуларды өкмөттүк жана мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүүнү тапшырды.

Жеңил атлетика боюнча чемпионат 6-9-июлда Индиянын Бхубанешваре шаарында өттү. Мелдеште Кыргызстандын атынан алты спортчу катышып, жыйынтыктоочу мелдеште улуттук кураманын куржуну эки алтын жана бир коло медал менен толукталды.

Дарья Маслова Азиянын эки жолку чемпиону болуп калды, биринчи медалды кыргызстандык 5000 метр аралык жарышта, ал эми экинчи мадалды 10 000 метр аралык чуркоодо жеңип алган.

Турнирдин акыркы күнүндө коло медалды кыргызстандык Адилет Кыштабеков алып келди, ал 10 000 метр аралык жарышта үчүнчү болуп келген.

Дарья Маслова выиграла второе золото на чемпионате Азии по лёг...

Кыргызстанка Дарья Маслова выиграла второе золото на чемпионате Азии по лёгкой атлетике. Она победила в забеге на 10 км, пробежав его за 32 минуты 21,21 секунды.Двумя днями ранее она пришла первой на дистанции в 5 км.

Posted by Kloop on Monday, July 10, 2017

Август айында кыргызстандыктар жеңил атлетика боюнча дүйнө биринчилигинде ат салышат. Дүйнө биринчилиги 5-августта Лондондо башталат.

Сүрөт: КР өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: