Мурдагы мэр Кулматовдун баласына унааны катуу айдагандыгы үчүн штраф салынат

Патрулдук милиция рейд учурунда Ысык-Көлгө чоң ылдамдыкта жана толугу менен караңгылатылган унаада кетип бара жаткан Бишкектин мурдагы мэринин баласын токтотушкан.

«Заноза» басылмасы маалымдагандай, патрулдук милиция Токмок шаарындагы жолдо Каныбек Кулматовду токтотууга аракет кылган. Ал кайгуул милициянын талабына баш ийбей андан ары жолун уланткан.

Милиция Кулматовдун артынан Токмоктон Кеминге чейин кубалап барганга аргасыз болгон. Жыйынтыгында патрулдук милиция жолду бууганда, Кулматовдун баласы машинасын токтоткон.

Патрулдук милиция анын машинасын алып, штраф стоянкага алып баргандан кийин, андан ары Кулматов сапарын жөө улантууга аргасыз болгон.

Кулматовго мыйзамсыз караңгылатуу үчү 2 миң сом, ылдамдыкты жогорулатуу үчүн 2 миң сом жана миң сом кайгуул милициянын токтототуу аракетине баш ийбегени үчүн жалпы 5000 миң сом өлчөмүндө штраф салынат.

«Заноза» басылмасы билдиргендей, алардын журналистине бир канча адам телефон чалып материалды жарыя кылбоону өтүнүшкөн.

Кубанычбек Кулматов Орус-кыргыз өнүктурүү фондунун жетекчичи. 2014-2016-жылдарда Бишкек шаарынын мэрлик кызматын аркалаган. Кулматов 2013-жылы президенттин кеңешчиси болгон, ал эми ага чейин тогуз жыл Бажы кызматында эмгектенген.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: