Атамбаев Ботаникалык бактын аймагында ветеринардык лаборатория курууга каршы

Президент Алмазбек Атамбаев Ботаникалык бактын аймагында ветеринардык лаборатория курууга каршы чыкты. Анын айтымында, мындай курулуш мыйзамга каршы келип, сейрек кездешкен өсүмдүктөрдүн сакталышына кооптуу абал жаратат.

Президент өкмөткө ветлабораторияны куруу үчүн башка жер табууну кеңеш кылды.

Анын айтымында, лаборатория Ботаникалык бактын экологиясына зыянын тийгизип, сейрек кездешкен өсүмдүктөргө кооптуу абал жаратышы мүмкүн.

Атамбаев Ботаникалык бак мамлекеттин кайтаруусунда жана республиканын «мурасы» экенин айтты.

Мындан тышкары, Атамбаев Ботаника багына өзүнчө илимий-изилдөө мекемесин бөлүп берип, ага «улуттук» макам ыйгарылышы керектигин айтты.

Ошондой эле, өлкө башчы ата мекендик өндүрүмдөр эл аралык базарда атаандаштыкты жаратышы үчүн Кыргызстанга мындай курулуш маанилүү экенин белгиледи.

Ветеринардык лаборатория курууга кытай инвесторлору 18 миллион АКШ долларын бөлөт.

Өкмөт азырынча ветлаборатория кайсы жакка курулаарын аныктай элек, бирок учурда кытай тарапка Ботаника багынын аймагы жаккандагы айтылган.

Ботаникалык бактагы өрт

Ботаникалык бактын жетекчиси менен экологдордун билдирүүлөрүнөн кийин анын аймагында бир катар өрт чыгуулар болгон.

Өрт чыгуу учурунда алты гектарга чукул кургак чөп күйүп кеткен. Ошондой эле өрт сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр түрлөрүнүн жарымын жок кылган.

Ботаникалык бактын кызматкерлери өрт саат 16:00дө бир эле учурда кайталанып жатканын билдиришкен.

Алар бир эле учурда жана бир нече аймакта өрт чыгып жатканы таң калаарлык деп айтышууда.

Бийлик биринчи эле жолу Ботаникалык бактын аймагында лаборатория курууну сунуштап жаткан жок.

2011-жылы вирусту изилдөөчү канадалык биология лабораториясын куруу сунушталган.

Бирок курулуш экологдор менен коомчулук тарабынан айтылган сын-пикирлерден улам башталган эмес.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: