Нью-Йорк: Эрдоган сүйлөп жатканда мушташ чыгып кетти

Нью-Йоркто Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган сүйлөп жаткан учурда анын тарапташтары менен каршылаштарынын ортосунда мушташ чыгып кетти. Америка полициясы беш адамды кармаганын билдирүүдө.

Эрдоган Нью-Йоркто 21-сентябрда Улуттук түрк-америкалык комитетинде сөз сүйлөп чыкты.

Чыр-чатак түрк лидери сүйлөп жаткан учурда ошол жерде отургандардын бири «Сен террористсиң! Кет менин өлкөмөн!» деп кыйкырып жибергенден кийин башталып кеткен. Ага президент Эрдогандын тарапташтары кол сала баштап, күзөтчүлөр ал адамды залдан чыгарууга аракет кылышкан.

Ошондой эле күзөтчүлөр президенттин тарапташтары муштум, бут, желектер менен сабалган бир нече адамды залдан чыгарып салышкан. Азырынча Эрдогандын жансакчылары мушташка катышканбы-жокпу так маалымат жок.

Америкалык ЖМКлардын маалыматына ылайык, полиция беш адамды кармаган.

Кармалгандардын бири The New York Times басылмасына курган маегинде, алар «түрк мамлекетинин аскерий кылмыштарына жана күрд элинин укуктары бузулуп» жатканына көңүл бурдурууну каалашканын билдирген.

«Эрдогандын тоскоолдуксуз сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүгү болбошу керек. Биз ага тоскоол болуудабыз, анткени америкалыктар түрк мамлекети өзүн биздин союздашыбыз катары көрсөтүп жатканын жана биздин Сириядагы Ислам мамлекетине каршы күрөшүп жатканыбызда көйгөй жаратып, тынчтыкта жашап жаткан калкты жок кылып жатканын билиши керек», — деди Меган Бодерет

Бул түрк лидеринин тарапташтары менен каршылаштарынын биринчи эле жолку мушташуусу эмес. 2017-жылдын май айында Эрдогандын Вашингтонго болгон сапарында анын жансакчылары каршылык акциясына чыккандарды сабап салышкан.

Мушташ күзөт кызматчыларынын бири митингчилердин бирөөсүнөн күрддөрдүн «Демократиялык биримдик» партиясынын желегин тартып алууга аракет жасагандан кийин башталып кеткен. Кайым айтышуудан кийин түрк президентинин жансакчылары каршылык акциясына чыккандарды сабай башташкан.  

Тогуз адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Полиция эки митингчини кармап, бирөөсүнө полицияга кол салуу боюнча күнөө тагылган.

АКШнын президенти Доналд Трамп Сирияда Ислам мамлекетине каршы күрөшүп жаткан күрддөрдү колдойт. Ал эми Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган күрд элин «террористтер» деп атап, алардын Сириядагы позицияларына бир нече жолу абадан сокку урган.


ТЕМА БОЮНЧА: