Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана өкмөт башчысы Мухамедкалый Абулгазиев. Сүрөт: Улан Асаналиев/RFE/RL

Кыргызстандын өкмөтү 30-июлда мамлекеттик кызматкерлердин мүлкүн декларациялоо жөнүндө мыйзамды өзгөртүүнү сунуштады.

Бул демилгеде эң башкы сунуш — аткаминерлер кыйыр түрдө ээлик кылган компанияларды милдеттүү түрдө декларациялоо.

Аткаминерлерди өз жакындары жана алыскы туугандары кандай компанияларга ээлик кылаарын же алар кожоюн катары көрсөтүлбөгөн, бирок  ишеним каттары же башка ички документтер аркылуу байланышы болгон компанияларды декларацияда көрсөтүүгө милдеттендиришет.

Мыйзам долбоордун демилгечилери жазгандай, аткаминерлер «мыйзамсыз кирешени жашыруу» же «салык төлөөдөн качуу» үчүн үйлөрүн, машиналарын жана бизнесин   жакын жана алыс туугандарына же өздөрүнө тиешелүү адамдарга каттатып коюшат.

Аткаминерлер менен мамлекеттик кызматкерлердин расмий декларацияларында көрсөтүлгөн маалыматтар менен алар чындыгында ээлик кылган мүлктөр бири-бирине дал келбейт. Жогорку кызматтын аткаминерлеринин мүлкү тууралуу мындай кабарлар ЖМКларда далай эле чыккан.

«Эгер биз айрым мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелерин жана мүлктөрүн ачык-айкын жарыялай баштасак, укук коргоо органдары декларация тапшыргандардын киреше-чыгымдарын жана мүлктөрүн текшерүүгө катышышмак. Бул азыркы иштеп жаткан декларациялоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатат», — деп түшүндүрөт экономика министри Олег Панкратов.

Эгер мыйзам кабыл алынып калса, анын аткарылышына салык кызматы, каржы полициясы (ЭККМК) жана башкы прокуратура көз салат. Акыркы эки орган декларациялар канчалык туура толтурулганын текшермекчи.

ЭККМК менен башкы прокуратура декларациялардагы маалыматтарды текшерүү үчүн мамлекеттик органдардын ачык жана жабык маалымат базаларын колдонот.

Эмне үчүн бул маанилүү?

Башка нерселерди айтпаганда мамлекеттик кызматкердин негизги иши жарандардын алдында отчёт берүү жана ачык-айкын иштөө болуп саналат.

Аталган өзгөрүүлөр эгер туура колдонулса — бул укук коргоо органдары менен жарандарга аткаминерлерин ортосундагы коррупцияга каршы күрөшүүгө жардам берет.

Бирок, көп нерсе текшерүүчү органдардын аткаруусуна жана компетенттүүлүгүнө көз каранды. Кыйыр түрдө (бенецифиардык)  мүлктөргө жана ишканаларга ээлик кылгандарды далилдөө абдан оор же болбосо дээрлик мүмкүн эмес.

Бенефициарды аныктоо үчүн дал ошол аткаминер кыйыр түрдө бул мүлккө же компанияга ээлик кылуудан киреше таап жатканын далилдөө керек. Ошол эле учурда киреше да бир гана акчалай түрдө болушу мүмкүн эмес.

Декларацияларды изилдөө

Юрист Нурбек Токтакунов мыйзамга мындай өзгөрүүлөрдү өзү да сунуштаганын, бирок азыр ал президенттик бийлик үстөмдүк кылып турган шартта мыйзам каршылаштарга карата тандамал иштеп калышы мүмкүн деп эсептей турганын «Клооптун» кабарчыларына билдирди.

«Мындай куралдар бардык сотторго жана укук коргоо органдарына үстөмдүк кылбаган демократиялык системада гана иштейт», — дейт ал.

Нурбек Токтакунов

Токтакуновдун айтымында, ЭККМК реалдуу киреше булагын аныктоонун ыкмасын иштеп чыккан. Анын пикири боюнча, бул ыкма коррупцияга каршы күрөштө жардам бериши мүмкүн.

«Мындай жол менен жок дегенде салыктардын изин жашыруу фактысын далилдөөгө болот. Аткаминер 100 миң айлык алып, ошол эле кезде 1 млн сом коротуп жатканы өзү эле кылмыш да», — деп түшүндүрдү юрист.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтымында, өзгөртүүлөрдү сунуштоого Сооронбай Жээнбековдун февраль айында Коопсуздук кеңештин жыйынында жарыялаган коррупцияга каршы күрөшүү боюнча билдирүүсү негиз болгон.

Ошол убактан тарта Коопсуздук кеңеш депутаттардын жана мамлекеттик кызматкерледин декларацияларын текшерүү кампаниясын баштаганын билдирген.

Салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыковдун айтымында, текшерүү 1-июлда башталган. Эгер декларацияларды текшерүү учурунда дал келбөөчүлүк аныкталса, ал маалыматтар башкы прокуратурага жөнөтүлөт.

Декларациялар фамилия боюнча изилденет, ал эми декларациялардын өзү октябрда ачыкка чыгарылат.

Коррупцияга каршы күрөш

Президенттин коррупцияга каршы күрөшүү кампаниясы иштей баштаганына жарым жылдай болуп калды.

Бул убакыт аралыгында экс-премьер-министр Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, экс-мэр Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, экс-вице-премьер Аскарбек Шадиев тергөөгө алынган.

Шадиевден тышкары, бул аткаминерлердин көпчүлүгү азыр тергөө изолятордо камакта. Ал эми Шадиевдин жүргөн жери так белгисиз. Ал өзүнө каршы айып тагылганга чейин көп өтпөй эле болжолдуу АКШга учуп кеткен.

Жээнбеков өзү коррупцияга каршы күрөшкө жамынып саясий атаандаштардан өч албасын айткан. Бирок, ошентсе да камакка алынгандардын көпчүлүгү экс- президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары болуп саналат.

Учурдагы бийликтин мурдагы бийликтин тарапташтарына карата козгогон кылмыш иштери экс-президент менен азыркы мамлекет башчысынын ортосундагы араздашуу жөнүндө кабар бериши мүмкүн. Бирок эки саясатчы тең бул нерсени тастыктап же төгүндөшпөйт.

Жээнбеков президенттикке Атамбаевдин социал-демократтар партиясынын байрагы алдында келген, бирок убакыттын өтүшү менен өзүнө чейинки президенттен оолактай баштаган.

Авторлошу: Айдай Эркебаева