Эки айдын ичинде өзүн-өзү өлтүргөн эки аскердин өлүү себептерин комиссия текшерет

Чүй облусуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №19 колония/Kloop.kg

Мекеме аралык комиссия Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) алдындагы кайтаруу жана күзөт департаментин текшерет. Ага эки ай ичинде аталган департаментте үч жолу өзүн-өзү өлтүрүү катталганы себеп болгон. Натыйжада эки аскер каза болуп, бирөө оор жаракат алган.

Өкмөт ЖАМК алдындагы кайтаруу жана күзөт департаментинде болгон суицид окуясын изилдөө үчүн комиссия түзгөн. Азырынча комиссиянын иштөө мөөнөтү жана курамы белгисиз.

Аскер прокурорунун жардамчысы Руслан Бейшалиев «Клоопко» билдиргендей, комиссия түзүүнүн максаты —  эмне үчүн акыркы эки ай ичинде үч аскер өзүн-өзү өлтүрүүгө кол салышканын аныктоо.

«Аскер кызматына чакырууга жооп берген Коргоо боюнча мамлекеттик комитетти [коммисияга] коштук, себеби алар алгач жергиликтүү психологдор менен аскер кызматкерлеринин психологиялык сүрөттөмөсүн түзүшү керек», — дейт ал.

ЖАМКнын басма сөз кызматынын маалыматында, комиссия департаменттин ишмердүүлүгүн баалап, ЖАМКда кызмат өтөгөн аскерлерден сурамжылоо жүргүзөт.

Аскер кызматкерлеринин укугун коргоо боюнча иш алып барган укук коргоочу Азиза Абдирасулова «Азаттыкка» берген маегинде билдиргендей, аскерликке жаңы келген балдарды түрмөлөрдү жана камактагы адамдарды кайтарууга жөнөтпөш керек. Себеби, алар мурда даярдык өтүп, курал-жарак кармап көргөн эмес.

«Абакты коргоо — өзгөчө иш, ал жерде өзгөчө контингент отурат. Алар түрмөнү гана кайтарбастан, ошондой эле камактагы адамдарды да кайтарышат. Эгер камактагы адамдар психологиялык басым көрсөтсө алар кандай абалда калышат?» — дейт ал.

Акыркы эки ай ичинде ЖАМКнын алдындагы департаментте үч жолу өзүн-өзү өлтүрүү катталганы себеп болгон. Натыйжада эки аскер каза болуп, бирөө оор жаракат алган.

18 жаштагы аскер 7-июнда Чүй облусуна караштуу Жаңы-Жер айылында жайгашкан №19 абакта өзүн-өзү аткан. «Азаттык» кабарлагандай, окуяга дароо жыйынтык чыга электе эле суицид катары баа берилген.

Биринчи окуядан соң бир жума өткөндөн кийин Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылында жайгашкан №1 абакта 21 жаштагы аскер кызматкери өзүн-өзү аткан. Ага операция жасалып, азыркыга чейин абалы өтө оор. Үчүнчү окуяда 18 жаштагы аскер өзүн-өзү аткан. Суицид 31-июлда Бишкектин Ленин райондук сотунун дааратканасында болгон. Аскер кызматка Бишкектин Биринчи май райондук военкаматы тарабынан 2018-жылы апрель айында чакырылган.