1-сентябрда Кыргызстанга Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган келди. Кыргызстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүндө Түркия кийинки Көчмөндөр оюндарын өткөрөөрү жана Кыргызстанда «Сапат» түрк лицейлерине альтернатива болуп кала турган мектептердин тармагын ача турганы чечилди.
Түркия төртүнчү Көчмөндөр оюндарын өткөрөт
Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтөт — бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Эрдоган менен жолугушуунун биринчи күнүнүн жыйынтыгы боюнча билдирди.
Оюндарды өткөрүү укугун башка өлкөлөргө берүү идеясы Кыргызстанда 2014-жылы биринчи Көчмөндөр оюндары өткөндөн кийин болжолдонгон. Бирок башка өлкөлөр буга макул болбой койгон соң кийинки эки оюнду Кыргызстан өзү уюштурууну уланткан.
Ар бир оюн бюджеттен миллиондогон чыгымдар менен коштолгон: уюштуруу иш-чаралары, ат майдан, спорт комплекс жана инфраструктура объекттерин куруу. Соңку үчүнчү оюндарга башка өлкөлөр менен жеке компаниялардын демөөрчүлүк колдоосун эсепке албаганда 300 млн сомдон ашуун каражат кеткен.
Көчмөндөр оюндарын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин долбоору деп атап койсо болот. Биринчи жолу ал бул идеяны 2011-жылы айткан, ал эми 2012-жылы долбоор жөнүндө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинде айтып чыккан.
Саммитке катышкан өлкөлөр Атамбаевдин идеясын колдоп, эки жылдан кийин Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөн.
Биринчи оюндарды өткөрүү үчүн 2017-жылы премьер-министр болуп калган президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Сапар Исаков жоопту болгон. Бирок 2018-жылы Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда жашыруун тиреш башталгандан кийин жаңы бийлик экс-президенттин үзөңгүлөштөрүн текшерип, куугунтуктай баштаган. Алардын ичинде Сапар Исаков да бар.
Азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2016-жылы ат майданды реконструкциялоодо уурдалган каражаттар боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Күбөлөрдүн маалыматы боюнча, экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн ат майдан курган жалданмачы менен келишим сметалык долборлоо документациясыз түзүлүп, ошонун айынан курулуштун баасы 480 млн сомдон 1,5 млрд сомго чейин көбөйүп кеткен.
«Маариф» фонду Кыргызстанда мектептер тармагын ачат
Түркиянын президенти үчүн «Маариф» фондусунун Кыргызстанда жаңы мектептер тармагын ача турганы маанилүү болуп калды.
Эрдоган Жээнбеков менен жолугушууда «Түркия 15-июнда башынан өткөргөн окуя Кыргызстанда да кайталанышын» каалабасын билдирди. Бул билдирүү менен ал 2016-жылы Түркияда аскерий төңкөрүш жасоо аракети жөнүндө айткысы келген. Эрдогандын версиясы боюнча, ал оппозициячыл диниятчы Фетхуллах Гүлен жана анын «Хизмет» кыймылындагы тарапташтары менен уюштурулган.
Ал эми Түркиянын бийлиги «Хизметти» террористтик уюм (FETO) деп атап, башка өлкөлөрдөгү Гүленге байланыштуу делген билим берүү уюмдарды, анын ичинде Кыргызстандагы мектептерди да жапкысы келет.
«ФЕТО Кыргызстанда дагы деле бар. [...] Бул эки өлкөгө пайда алып келет. ФЕТОдон кутулуп, позитивдүү күн тартибине көңүл буралы», — деп билдирди Эрдоган.
Түркия бийлигинин ою боюнча, «Маариф» Гүлен менен байланыштуу «Сапат» лицейлерине ("Себат") альтернатива болуп калат. Ошондой эле, 2016-жылдан кийин түрк бийлиги Кыргызстанга лицейлерди «Маарифтин» башкаруусуна өткөрүп берүүнү сунуштаган.
Ал кезде Кыргызстандын президенттик кызматын ээлеп турган Алмазбек Атамбаев лицейди жабуудан баш тартып, Түркиядан «шарт койгонду токтотуусун» суранган. Бул өз кезегинде эки өлкөнүн мамилесин суутуп койгон.
Кыргызстандын бийлиги 2017-жылы мартта «Себат» түрк мектептеринин аталышын «Сапат» деп өзгөрткөн, ал эми бул мектептердин түзүүчүлөрүнүн курамына Кыргызстандын Билим берүү министрлиги кирген.
«Хизмет» кыймылы өзү «Маарифке» карата кыйла эле жагымсыз мамиледе. Ал «Маариф» билим берүүнүн сапатын жогорулатууну эмес, Гүленге байланыштуу түрк лицейлерге каршы тышкы саясий таасир кылууну максат кылат деп билдирген.
Материалдын үстүндө иштегендер: Айдай Иргебаева, Анна Капушенко