Башкы прокуратура Максим Бакиевдин мурдагы кеңешчисинин айткандарын текшере баштады

Евгений Гуревич

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Максим Бакиевдин мурдагы каржы кеңешчиси Евгений Гуревич айтып берген маалыматты текшерип жатат. Негизинен ал Бакиевдердин үй бүлөсү Кыргызстанды башкара баштагандан бери өлкөдөн 200-300 млн доллар чыгарып кеткени тууралуу билдирген.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, мекеменин башкармалыктарынын бири 5-августта текшерүүнү баштаган. Басма сөз борбордон кошумчалашкандай, ал кыргыз прокурорлорунун ичинен ким АКШга барып, аны суракка алганын текшерүүдө.

Бакиевдин мурдагы каржы кеңешчиси 2015-жылы аны американын түрмөсүнөн эки кыргыз прокурору суракка алганы жөнүндө 30-августта «Азаттык» үналгысына айтып берген.

«2015-жылы кыргыз прокуратурасынын өкүлдөрү Алабамага келишкен. Баарлашуу эки күнгө созулган. Балким алардын көз карашы боюнча бул сурак болгондур. Эки күндөн кийин эки прокурор мени селфи кылып (алар менен) сүрөткө түшүп коюмду өтүнүштү», — деп билдирген Гуревич.

Ал Кыргызстандын жана АКШнын прокурорлоруна далилдерди өткөрүп бергенин, бирок алар буга «кызыкпай калышканын» кошумчалаган. Анын эсеби боюнча, Бакиевдер бийликте турганда өлкөдөн 200-300 миллион доллар акча чыгарып кеткен.

2015-жылы Башкы прокуратураны Аида Салянова жетектеген. Ал «Азаттык» үналгысына Гуревичти Алабама штатынын түрмөсүндө суракка албаганын билдирген. Салянованын айтымында, ага Бакиведин мурдагы кеңешчисин суракка алууга прокурорлордун кимиси барганы белгисиз.

Азыр Гуревич Мамйамиде соттолгондорду реабилитациялоо борборунда жатат. Анын айтымында, «Максим Бакиев менен кызматташканы» үчүн аны беш жылга соттошкон. Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде Гуревич анын баласы Максим Бакиевдин каржы кеңешчиси болгон.

Гуревич «Азаттыкка» курган маегинде кыргыз элинин алдында өз күнөөсүн сезээрин айткан. Бирок аны Бакиевдерди бийликке алып келген «шайтан жана мокочо» катары көрсөтүп жатышканына макул эместигин маалымдаган. Анын айтымында, Максим Бакиев анын өмүрүн сактап калган, ошондуктан Гуревич ага АКШдагы 30 жылдык абак мөөнөтүнөн кутулууга жардам берген.

Максим Бакиев — 2010-жылы апрелде кулатылган президент Курманбек Бакиевдин уулу. Бийлик алмашкандан кийин ал Кыргызстандагы финансылык алдамчылык үчүн айыпталып, мүлкүн конфискациялоо менен сыртынан 25 жылга соттолгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Максим Бакиевдин мурдагы кеңешчиси Кыргызстандан 200-300 млн доллар чыгарылып кеткендигин айтып чыкты