Ош милициясы: ыктымал «куралданган» кылмышка шектүү кармала элек

Ош облустук ички иштер башкармалыгы шаардык милициясы менен биргеликте облус аймагынан кылмышка шектүү делген 32 жаштагы тургунду издеп жатат. Милициядан кабарлашкандай, шектүү автомат менен куралданган болушу ыктымал.

Ош шаардык милициясынан билдиришкендей, саат 18.00гө карата "куралчан" шектүү кармала элек. Издөө иштери уланууда.

Кылмышка шектелген Жылдызбек Бекмурзаев болушу мүмкүн деген кишини Ош шаарынын жана облус аймагынан издөө иштери 20-сентябрь түшкү саат 12ден бери уланууда. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» маалымдады.

«Кылмышка шектүү толук куралданган болушу ыктымал. [...] Куралы болжолдуу автомат болушу мүмкүн. Карапайым адамдарга коркунуч бар, коопсуздук үчүн тез арада кармоо иштери жүрүүдө» , — деди Сыдыков.

Сыдыковдун билдиришинче, ал Бишкек шаардык милициясы тарабынан «каракчылык» беренеси менен шектелип, изделип жаткан. Мындан сырткары, шектүү Казакстанда 2017-жылдын июль айында чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн кармалып, ошол жылдын декабрында алты айга соттолгон жана жазаны угузуу учурунда качып кеткен.

Шектүүнүн Ош шаарында экени кантип байкалды?

Ош шаардык милициясынын жана Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери 20-сентябрь күнү түшкө маал Оштогу Курманжан Датка, Навои көчөлөрүнүн кесилишинен «Мерседес 500» үлгүсүндөгү машинаны токтотууга аракет кылышкан. Ага автомобилдин айнектери караңгылатылып, катуу ылдамдыкта жүрүп баратканы себеп болгон.

Айдоочу милициянын буйругуна баш ийбей качып кеткен. Анын артынан түшкөн тартип сакчысы шектүүнүн машинасын Кара-Суу районунун Бостон айылына жакын жердеги трактор оңдоочу жайда турганын көрүп калып, ага жакындоого аракет жасаган.

Бирок айдоочу өз унаасы менен милициянын машинасын сүзүп, талааны көздөй качып кеткен. Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, айдоочунун машинасы кийинчерээк талаадан табылган.

«Биз ошол айдоочуну Бекмурзаев болушу мүмкүн деп божомолдоп жатабыз. Сырткы келбети ошого окшоп жатат. Анын машинасынан 125 грамм өлчөмүндө белгисиз зат табылып, учурда экспертизага жөнөтүлдү», — деди Сыдыков.

Ички иштер министрлиги маалымдагандай, ал буга чейин «каракчылык», «зордуктоо», «талап-тоноо» беренелери боюнча бир канча ирет соттолгон.