Майыптардын батирлерин мыйзамсыз бөлүштүргөн Ош мэриясынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Улуттук коопсуздук комитети Ош шаарында майыптарга берилген 66 батирдин жарымынан көбү мыйзамсыз бөлүштүрүлгөнүн билдирди. Бул боюнча мэрия кызматкерлерине жана батирлерди бөлүштүрүү комиссиясынын мүчөлөрүнө кылмыш иши козголду.

Ош шаарынын «Анар» кичи районунда 2017-жылдын 11-декабрында майып кишилерге акысыз 66 батир берилген. Көп кабаттуу үйдүн курулушун Кытай Эл Республикасы каржылап, ага 280 миллион сомго жакын каражат жумшалган.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдиргендей, берилген батирлердин 49у мыйзамсыз тапшырылган.

«Териштирүү иштери көрсөткөндөй 8 жаран мүлкү жоктугу туурасында жасалма аныктама берген. Ал эми 32 майып адам батир алганга чейин Ош, Жалал-Абал жана Бишкек шаарында жашап келишкен», — деп билдиришти комитеттен.

Ошондой эле, үчүнчү группадагы майып болгон 9 киши да батир алган. УКМКнын маалыматына ылайык, батирлер алгач биринчи жана экинчи группадагы майыптарга берилиши керек болгон.

Аталган факт боюнча Ош шаардык прокуратурасы «кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу», «кызматтык жасалмачылык» беренелери боюнча мэрия кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгоду.

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров тергөөнүн жүрүшүнө байланыштуу мэрия комментарий бере албастыгын «Клоопко» айтты.