ЖМК: Лунара Мамытова министр орун басарлыгынан кетти

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Эмгек жана соцөнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова отставкага кетүү боюнча арыз жазганы тууралуу маалымдашты. Бул Мамытова диппаспортту жеке максатта пайдаланганы боюнча айыпталып, ошондой эле пенсионерлер да акча топтоп дүйнө кыдырса болоору жөнүндө чуулуу билдирүү жасагандан кийин болуп жатат. Министрдин орун басары өзү бул маалыматка байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартууда.

«Кактус», «Спутник» жана «24.kg» басылмалары өкмөттөгү өздүк булактарына таянуу менен Мамытова өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгын билдиришти. Журналисттердин маалыматына ылайык, өкмөт аткаминердин арызын карап жатат.

Өкмөттөн «Клоопко» расмий билдиришкендей, Мамытовадан эч кандай арыз түшкөн эмес жана «азырынча эч нерсе чечиле элек». Соцөнүгүү министрлигинин басма сөз борборунан жооп алууга мүмкүн болбоду, анткени басма сөз катчы ордунда жок болуп чыкты.

Мамытова өзү кийинчерээк билдирүү жасайм деп, кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартты.

Мамытованын отставкасы жөнүндө маалымат Соцөнүгүү министрлигинин айланасындагы бир нече ызы-чуунун шартында пайда болду. Министрликтин башчысы Таалайгүл Исакунова менен орун басары Лунара Мамытова диппаспортторду жеке максатта колдонушкан делип айыпталган. Исакунованын дагы бир орун басары Зууракан Каденова «мас абалда чатак чыгарган» делип «Сеул — Алматы» аба каттамынан алынып, ошондон кийин аны министрликтеги кызматтан алышкан.

Башкы прокуратура министрликтин жетекчилиги командировкалар үчүн премьер-министрден уруксат алышпаганын жана өз диппаспортторун мыйзамсыз колдонушканын тастыктаган.

Мындан тышкары, октябрдын башында коомдук түйүндөгү постунан улам Мамытованын дарегине катуу сын пикирлер айтылган. Ал постунда Кыргызстанда улгайган кишилер өз пенсиясын чогултуп, дүйнө кезип саякаттай алышаарын жазган.