Маркум Улан Эгизбаевдин иликтөөсү боюнча кылмыш иши козголду

Кылмыш иши «Бишкектин Аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги» муниципиалдык ишканасынын кызматкерлерине каршы козголду. Бул Улан Эгизбаевдин көрүстөндөгү коррупция жөнүндөгү журналисттик иликтөөсүнөн кийин козголгон экинчи кылмыш иши.

Тергөө Аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги бордюрлар жана ирригациялык түйүндөр жайгашкан жерлерди көрүстөн үчүн берген деп эсептейт. Адистер бул жерлерди текшерип чыгышкан соң ал жактар бош экенин жана эч көмүлбөгөнүн аныкташкан.

Андан тышкары, тергөө аталган агенттиктин айрым кызматкерлери сөөк койгону келгендерден акча алып жүрүшкөн деп ырастоодо.

Натыйжада Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин кызматкерлери кызмат абалынан кыянат пайдалануу, алдамчылык жана ишенип берилген мүлктү менчиктеп алуу боюнча айыпталышууда.

Агенттиктин кызматкерлерине каршы биринчи кылмыш иши августтун аягында, тагыраагы көрүстөндөгү коррупция жөнүндө иликтөөнүн автору кайтыш болуп калгандан кийин козголгон.

Көрүстөндөгү коррупция жөнүндө материал 22-июлда Ысык-Көлдө каза тапкан Улан Эгизбаевдин акыркы журналисттик иликтөөлөрүнүн бири болгон.

Эгизбаев өз доорунун мыкты кыргыз тилдүү журналисттеринин бири болуп саналчу. Ал журналисттик иликтөөлөрүндө кыргыз аткаминерлеринин коррупциялык схемаларынын, хан сарайлардын курулушу үчүн муниципиалдык жердин мыйзамсыз сатылышынын бетин ачкан.

Иликтөөлөрдүн ортосундагы тыныгууларда ал Кыргызстандын бүткүл булуң-бурчундагы адамдар жөнүндө таасирлүү видео окуяларды баяндап турчу. Алардын бири Нарын облусунда майыптар коляскасында жаман жолдор менен мектепке барып келип жүргөн бала Нургазы жөнүндөгү окуя болуп саналат.

Эгизбаевдин репортажынан кийин Нургазыга мектепке кечикпей барып келип турушу үчүн квадроцикл белек кылынган. Ал эми он айдан кийин Эгизбаевдин эмгеги эл аралык Webby Awards интернет сыйлыгын алган. Буга чейин Кыргызстандан аталган сыйлыкты эч ким алып көргөн эмес.