Александр Рябушкин кармалды. Эмне белгилүү?

«Вечерний Бишкектин» директорлор кеңешинин төрагасы Рябушкин 21-ноябрь күнү кечинде Бишкекте кармалды. Ал кызматттык ыйгарым укуктарынан кыянат пайдалануу, документтерди жасалмалоо, андан тышкары, «олуттуу материалдык зыян» келтирүү боюнча айыпталууда. Бизнесмен Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.

ИИМдин басма сөз кызматынан «Клооптун» журналистине билдиришкендей, 2016-жылы Свердлов райондук соту Рябушкинге Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевге «ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргени» үчүн 1 млн сом компенсация төлөлөп берүүгө милдеттендирген.

Соттун чечими боюнча, бул сумма «Вечерний Бишкек» басма үйүнөн, гезиттин сайты менен редакциясынан, «Жаңы Агым» гезитинин редакциясынан, «МСН» гезитинин редакциясынан жана «Рубикон» жарнамалык фирмасынан чогултулушу керек болчу.

Бирок тергөө Мамбеталиевге акча «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн эсебинен гана төлөнүп берилген деп эсептейт.

Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, Рябушкин «Вечерний Бишкектин» директору Мурат Божокоев менен өз ара келишип алып, «өздөрүнүн буйрук берүүчү жана башкаруучу ыйгарым укуктарын колдонуу менен» Мамбеталиев менен ага миллион сом төлөп берүү боюнча келишимге кол коюшкан.

ИИМдин басма сөз кызматынан кийинчерээк маалымат беребиз деп убада кылышып, Божокоевге карата тергөө жүрүп-жүрбөгөнү тууралуу суроого жоп берүүдөн баш тартышты.

ИИМдин Тергөө кызматы Рябушкинге «Мүлккө зыян келтирүү», «Документтерди жасалмалоо» жана «Кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянат пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иштерин козгоду. Бизнесмен Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.

«Клооптун» журналисти «Вечерний Бишкек» менен байланышканы менен ал жактан «редакция мурдагыдай тартипте эле» иштеп жатат деп айтуу менен кандайдыр бир башка комментарий беришкен жок. Ошондой эле, басылмадан «Клоопко» кармалган Рябушкиндин юристтеринин байланыштарын да берүүдөн баш тартып, алардын комментарийлерин кийинчерээк беребиз деп убада кылышты.

2018-жылы сентябрда Башкы прокуратура «Вечерний Бишкектин» мурдагы ээси Александр Кимдин басылманы рейдерлик менен басылып алынганы тууралуу арызы боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал учурда, 2015-жылы, басылма Александр Рябушкиндин колуна өтүп кеткен.

Иш 4-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» жана «Кызмат абалынан кыйнат пайдалануу» беренелери боюнча козголгон. Рябушкиндин мүлкү, анын «Вечерний Бишкек» басма үйүндөгү акциялары жана ага байланыштуу «Рубикон» компаниясы камакка алынган.

«Вечерний Бишкектин» ээлеринин алмашуусу

Александр Ким «Вечерний Бишкек» басылмасына 2015-жылдын 1-сентябрына чейин ээлик кылган. Соттук териштирүү 2014-жылдын күзүндө өз акцияларын кайтарып алгысы келген басылманын тең кожоюну Александр Рябушкиндин билдирүүсүнөн кийин башталган.

2000-жылы компаниялардын үлүшүн мурдагы президент Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев сатып алган соң Рябушкин «Вечерний Бишкекке» ээлик кылган «Рубикондун» акцияларынын жарымынан кол жууган.

Рябушкин келишим кысым астында түзүлгөнүн билдирип, ага «Рубикондун» акцияларынын 50 пайызын жана басылма иштеген 15 жыл үчүн компенсация иретинде 15 миллион долларды өзүнө кайтарып берүүнү талап кылган.

Соттун чечими менен Александр Рябушкин Кимге таандык болгон 50 пайыз акцияларга ээ болгон.

Ошондон кийин «Вечерний Бишкекте» директорлор кеңешинин курамы алмашылган. Ким мындай чечимдин артында «бийлик турат» деп билдирген. Редакция гезитке кысымды президент Атамбаевдин администрациясы, анын кеңешчиси Фарид Ниязов жана администрация башчысынын орун басары Икрамжан Илмиянов көрсөтүшү ыктамал деп эсептеген.

Аткаминердин экөөсү тең «Вечерний Бишкектин» ээлеринин алмашуусуна тиешелери жоктугун айтышкан. Илмиянов бул билдирүүлөрдүн шартында отставкага кеткен, ал эми Ниязов болсо басылманын шектенүүсү — бул «кезектеги калп» деп билдирген кайрылуу жасаган.

«Вечерний Бишкек» басылмасы 2015-жылы Рябушкиндин башкаруусуна өткөндөн кийин «vb.kg» интернет басылмасынын мурдагы башкы редактору Дина Маслова «Заноза» (ал кийинчерээк Атамбаев тарабынан берилген сот арыздарынан улам жабылган) деген аталышта жаңы басылма ачкан.