Табып Зайналиевге мыйзамсыз дарыгерлик үчүн кайрадан кылмыш иши козголду

Милиция табып Хашим Зайналиевди беш жыл мурдагы бейтабы оор абалда ооруканага жатып калгандан кийин мыйзамсыз дарыгерлик кылуу үчүн кайрадан айып такты. Буга чейин Зайналиевге 2017-жылы иш козголгон. Кылмыш ишине анын бейтабынын өлүмү себеп болуп, бирок иш ошол бойдон аягына чыкпай калган.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы Зайналиевге «мыйзамсыз дарыгерлик кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши 10-декабрда козголгонун билдирди.

Бул анын ысымын айланасындагы кезектеги резонанстан кийин болду. Зайналиев кан илдетине чалдыккан бейтабын дарылоого аракет жасап, бирок ал 28-ноябрда оор абалда ооруканага түшүп калган. Врачтар кыздын боору «абдан чоңоюп» кеткенин айтышкан.

Врачтар эмне дешүүдө? «Көрсө бир жумадан бери [кыздын] туугандары аны 100 пайыз сакайтып берем деп кепилдеген табыптыкында дарылап атышкан экен. [Зайналиев аны] кандай дарылаганы белгисиз, бирок сийдигинде кан жана гематурия пайда болгондо ал киндигинен өйдө жерине кандайдыр бир ийнелерди сайыптыр», — деп билдирди Онкология борборунун балдар бөлүмүнүн врачы.

Зайналиевдин колунда дарыланып, кийин ооруканага түшкөн бейтап азыр онкоборбордун врачтарынын кароосунда — алар жакында секелек химиотерапия курсунан өтө баштаарын айтышууда.

Зайналиев эмне деп жатат? Табып кылмыш иши укук коргоочулар менен журналисттердин «басымы» менен козголду деп эсептейт. Анын айтымында, ал өзүнө түшкөн кызды ооруудан арылткан, анын дарылоосу натыйжасын берген, ал эми рак илдети менен күрөшүүнүн салттык ыкмалары «актуалдуулугун жоготкон».

«Эгер менин ыкмаларым киргизилсе, анда мурун, аш-казан, [...] көкүрөк, жатын рагы сыяктуу жана башка илдеттерди айыктырууга мүмкүн болот», — деп ишенет ал.

Ошентсе да, ал кыздын ата-энесине балдардын лейкозун дарылоо боюнча тажрыйбасы жок экенин эскерткенин айтууда.

  • «Мыйзамсыз дарылоо» үчүн Зайналиевге карата алгачкы кылмыш иши 2017-жылы жайында козголгон. Ал учурда анын операциялык столунда наркозсуз көкүрөгүн алып салууга аракет жасаган бейтабы көз жумган. Табып клиникасын жабууга аргасыз болгону менен ал жаза жоопкерчилигин тарткан эмес, себеби каза тапкан бейтаптын туугандары анын үстүнөн арыз жазышкан эмес.
  • Милиция ошондон кийин Зайналиев Жакынкы Чыгышка кеткен деп эсептеген. Бирок 2018-жылы майда анын Бишкектеги клиникасы кайра иштеп аткан — «Клооптун» журналисттери анын клиникасына барып кайтышкан. Бирок аларды клиникага киргизишпей, ал эми табыптын жардамчысы аларды «эл душмандары» деп атаган.
  • Зайналиев адамдарды эч нерсеге карабастан «дарылай турганын» айтууда. «Эгерде түрмөгө отургузушса да ал жактан адамдарды даарылайм [...] Менин ишимди улуу Аллахтан башка эч ким токтото албайт», — деп жазган ошондо Зайналиев.