Улуттук банк: Финчалгындын банк кардарларынын бардык маалыматтарын ачыктап берүү жөнүндө талабы мыйзамсыз

Кыргызстандын Улуттук банкы Финчалгындоо кызматынын коммерциялык банктардан кардарлар тууралуу маалыматтарды массалык түрдө талап кыла албасын тастыктады — анткени бул мыйзамга каршы келет. 10-декабрда финчалгын коммерциялык банктарга коррупцияга каршы күрөшүш үчүн кардарларынын бардыгы жөнүндө маалыматтарын берүү талабын тараткан.

Улуттук банктан билдиришкендей, финчалгын коммерциялык банктардан бардык кардарлары тууралуу маалыматтарды талап кылууга укугу жок. Cебеби бул банктык сырды бузат.

Өлкөнүн башкы банкы түшүндургөндөй, Кыргызстанда банктык сыр абсолюттук түрдө болбосо да мыйзам менен корголгон. Бул деген банктар өз кардарынын жашыруун маалыматын финчалгындын же укук коргоо органдарынын аталган кардар террористтерди каржылоого же акчанын изин жашырууга катыштыгы бар деген шеги болгон күндө гана ачыктай алат дегенди билдирет.

Мыйзам боюнча, финчалгын расмий суроо-талап түзүп, анда ага эмне үчүн бул маалымат керектигин түшүндүрүп, кайрылуунун мыйзамдулугун негиздеп бериши керек.

«[Биз] банктардын кардарлары боюнча маалыматтарды дүңүнөн өткөрүү “КР Улуттук банкы, банктар жана банк ишмердиги жөнүндө” мыйзамга анчейин туура келбейт деп эсептейбиз», — деп келтирет «Вечерний Бишкек» Улуттук банктын билдирүүсүн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Финчалгын банктарга эсептер менен уячалардын бардык ээлерин ачыктап берүү талабын койду