Айлана-чөйрө мамагенттиги Бишкектеги кара түтүндүн булагын дрондордун жардамы менен издейт

Иллюстративдүү сүрөт. Doodybutch/Creative Commons Wiki

Агенттик жакынкы күндөрү Бишкекте абаны булгоочу заттардын булактарын төрт дрондун жардамы менен издөөгө даярданууда. Дрондорду ага Бириккен улуттар уюму (БУУ) берген. Агенттиктин кызматкерлери асмандан борбордук көчөлөрдү, жаңы конуштарды, мончолорду жана ири жеке ишканаларды текшерет.

Мамагенттиктен дрондорду Бишкекте бир нече күндүн аралыгында учура башташаарын «Клооптун» журналистине айтып беришти. Маалыматка ылайык, аларды мекеменин кызматкерлери учурушат.

«Дрондор тыгындардын, жаңы конуштардын, мончолордун жана ири ишканалардын абага булгоочу заттарды чыгарып-чыгарбаганын байкоо боюнча сүрөт жана видеого тартышат. Мисалы, эгер машиналардын дөңгөлөктөрүн жагып атышкан болсо, биз аны көрүп, материалды ИИМге, Мамэкотехинспекцияга жана башкаларга өткөрүп беребиз», — деп билдиришти мамагенттиктин басма сөз кызматынан.

  • БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлдөрү ноябрдын башында мамагенттикке төрт дрон белек кылган. Алардын жалпы суммасы 420 миң  сомдон ашкан. Башында алар токойлорго мониторинг жүргүзүү жана браконьерлерге каршы күрөшүү үчүн багытталган. Бирок мамагенттиктен аларды Бишкектин үстүндөгү кара булутту көзөмөлдөө үчүн пайдаланууну чечишкен.
  • 2018-жылдын аягында Бишкектеги абанын булгануусу өзгөчө резонанстуу маселеге айланган: тургундар борбор калаанын үстүндө калкыган кара булутка даттанышкан. Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөткө борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну тапшырган.
  • Кара түтүндүн пайда болушунун себептери — бул автоунаалар, жеке үйлөрдөгү от жагуу жана көмүр менен иштетилген Бишкек ЖЭБи. Ошондой эле, Бишкектин курулуштарынын мүнөзү менен жайгашкан жери да роль ойнойт. Шаар шамал менен начар желдетилген тоо этектеринде жайгашкан, ал эми Бишкектин түштүгүндөгү көп кабаттуу үйлөр шаардан кара түтүндү айдап чыга турган шамалды тосуп турушат.