Экс-президент Роза Отунбаева президенттен Текебаевге ырайым көрсөтүүнү суранды

Роза Отунбаева 2017-жылы июнда Текебаевдин иши боюнча сотто

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдон «Ата Мекен» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүнү суранды. Бирок оппозициялык саясатчы бир нече жолу ырайым керек эместигин билдирген, анткени өзүнүн күнөөсү жоктугуна ишенет.

Отунбаева Жээнбековго жолдогон кайрылуусунда мыйзам боюнча президент соттолгон адамдын жеке өтүнүчү болбосо деле жана ага негиздер болсо ырайым бере алат деп билдирди.

Анын айтымында, кооптуу «редицив» үчүн соттолуп, туура жолго түшпөгөн, бирок өздөрүнө карата парламент депутаттарынын суранычтары бар сотттолгондорго да президент ырайым бере алат. Ошондуктан Отунбаева парламенттик фракциялардын лидерлерин бул кайрылууну колдоого чакырган.

Отунбаеванын кайрылуусун парламенттеги төрт фракциянын лидери колдошту: «Ата Мекенден» Алмамбет Шыкмаматов, «Өнүгүү-Прогресстен» Бакыт Төрөбаев, «Бир Болдон» Алтынбек Сулайманов жана «Кыргызстан» фракциясынан Алмазбек Баатырбеков.

Отунбаева өз кайрылуусунда Текебаевге каршы ишти «саясий буйрутма жана чет өлкөлүк алдамчынын жалаасы» (Текебаевге каршы башкы күбө — орусиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин — ред.) деп атады.

«Текебаевге каршы токулган иш күнөөсүз адамды мыйзамсыз соттоо жана сот адилеттигинин фундаменталдык принциптерин тебелөө катары эң оор прецедент болуп тарыхта калат. Адилетсиздиктин бул бетпактык акты Алмазбек Атамбаевдин башкаруусундагы жуулгус шермендечилиги бойдон калат», — деп билдирди Отунбаева.

Ал эми Текебаев 22-декабрда «Азаттыктын» журналисттерине билдиргендей, ал ырайым сурабайт, анткени ал өз жаза тартуу мөөнөтүнүн көбүн өтөп койгон жана жатак абагына которулууга же мөөнөтүнөн эрте бошотулууга укугу бар. Текебаев эркиндикке чыккандан кийин өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдегенге камданат.

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-декабрда Текебаев өзү ырайым сурабаса эч нерсе кыла албасытыгын айткан.

Буга чейин 2018-жылы майда мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев президентке Текебаевге ырайым берүүнү өтүнүп кайрылган. Ал учурда Текебаев ырайымдын кереги жоктугун, анткени өзүн күнөөлүү деп эсептебесин айтып жооп берген. Саясатчы үзөңгүлөштөрү менен өз ишин кайра карап чыгууну талап кылат.

Текебаев кантип коррупция боюнча соттолгон?

«Ата Мекен» оппозициялык партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2017-жылы 8 жылдык мөөнөткө соттолгон. Бирок кийинчерээк анын абак мөөнөтү 4,5 жылга чейин кыскартылган. Саясатчы эркиндикке 2021-жылы чыгышы керек.

Текебаевди орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Текебаев бул акчага Маевскийге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга шарт түзүп берүүнү убада кылган.

2018-жылы ноябрда Москванын Тверь соту Маевскийди 37,5 млн доллар опузалоо иши боюнча камакка алган. Эгер анын күнөөсү далилдене турган болсо, ишкер 15 жылга чейин эркинен ажырап калышы мүмкүн.