Келдибеков Атамбаевди жана анын «Апрель» телеканалын сотко берди

Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана анын «Апрель» телеканалын сотко берди. Доонун суммасы — 18 млн сом, ал эми сотко берүүгө Атамбаевдин «Апрель» телеканалына курган маеги себеп болгон.

Парламенттин экс-спикери Акматбек Келдибеков, Убактылуу өкмөттүн мурдагы төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров жана УКМКнын экс-төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана ага таандык «Апрель» телеканалын сотко берди. Доонун суммасы — 18 млн сом. Бул тууралуу «Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложников фейсбук барагында билдирген.

«Келдибеков рекорд коюп жатат. Бекназаров жана Дүйшөбаев деген жолдоштору менен кошо дагы бир ЖМКга каршы доо койду», — деп жазган журналист. Ал кошумчалагандай, саясатчылар Атамбаев менен телеканалдан 9 млн сомдон талап кылышууда.

Келдибеков Атамбаевди сотко бере турганын 14-декабрда NUR TV каналына курган маегинде эле айткан.

«Адамдын жеке аброюна шек келтирип сүйлөп жатат. Менин аброюма шек келтирип сүйлөгөнү үчүн сотко берем. Эгерде ошол сотко келип далилдеп бербесе, мен соттон жоопко тартсын деп талап кылам», — деп айткан ошондо экс-спикер.

Атамбаев 10-декабрда «Апрель» телеканалына берген интервьюсунда Келдибековду коррупция боюнча айыптаган.

«Мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп мультимиллионер болушкан ошол эле Келдибековдор менен Түлеевдер “Атамбаевди камаш керек” деп кыйкырып жатышпайбы. Кимди камаш керек? Мамлекеттен уурдап миллионер болгондордубу же өз эмгеги менен ата-бабаларынын жеринде үй кургандардыбы?» — деп айткан экс-президент.

Бул Келдибековдун ЖМКларга койгон биринчи эле дооматы эмес. Декабрда ал ар-намысы менен кадыр-баркын коргоо боюнча argument.kg жана kyrgyztoday.kg басылмаларын сотко берген. Ал басылмалардан 1 млн сомдон талап кылууда.

Келдибеков октябрдын аягында «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаевге каршы сот процессин жеңип алган. Бишкектин Октябрь райондук соту Сартбаевди Келдибековго 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

2015-жылы сот Келдибековду «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Саясатчы мамлекетке 10 млн сом айып пулун төлөөгө мажбур болгон. Ошондой эле, ал коррупция беренеси боюнча да айыптап, бирок кийинчерээк акталган.

Акматбек Келдибеков ар убактарда ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган. Президент Аскар Акаевдин учурунда ал Социалдык фондду жетектеген. Бакиевдин учурунда болсо Салык кызматын башкарган. Ал эми 2010-жылдан тарта 2011-жылдын декабрына дейре парламенттин спикерлик кызматын аркалаган.

Алмазбек Атамбаев да журналисттер менен соттошкон. 2017-жылы жайында Башкы прокуратура анын ар-намысы менен кадыр-баркын коргоп, «Заноза» менен «Азаттык» басылмаларына каршы доо койгон. Жыйнытыгында «Азаттыкка» каршы доомат чакыртып алынып, ал эми сот «Заноза» менен укук коргоочу Чолпон Жакупованы Атамбаевге жалпы жонунан 30 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Бирок 2018-жылы майда Атамбаев аларга койгон материалдык дооматтарынан баш тарткан.

Экс-президент «Апрелге» курган маегинде журналисттерди сотко берип «туура эмес» кылганын жана «эмоцияга алдырып» койгондугун айткан. Андан тышкары, Атамбаев азыр журналисттерге каршы дооматтарды «чындыкты жазгандардын оозун жабуу» максатында колдонуп атышкандыгын кошумчалаган.