Кыргызстанга суу менен камсыздоону өнүктүрүүгө 6 млн евро грант жана кредит бөлүнөт

Сүрөт: Дмитрий Мотинов

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстанга 6 млн евро бөлөт. Анын ичинен эки миллиону өлкө 15 жыл аралыгында төлөгүдөй насыя катары бөлүнмөкчү. Каражат Ош облусундагы айылдарды суу менен камсыздоого жумшалышы керек.

ЕРӨБ менен Мамкурулуш Ош облусун суу менен камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, тараптар келишимге 2019-жылдын мартында кол коюшат.

ЕРӨБ грант катары 15 жылга 4 млн евро жана дагы 2 млн евро кредит түрүндө бөлө турганы белгилүү. Бул каражат Ош облусунун Мырза-аке, Куршаб жана Дөң-Булак айыл өкмөттөрүндөгү сегиз айылды суу менен камсыздоого жумшалышы керек.

Бул пилоттук долбоор, анткени мурда Европа реконструкция банкы каражаттарды болгону кыргыз шаарларын суу менен камсыздоону жөнгө салуу үчүн гана бөлүп келген. Мамкурулуш билдиргендей, ушундай эле долбоорлор башка облустардын айылдарында да пландалган.

Акыйкатчынын 2018-жылдын январына карата баяндамасы боюнча, дагы деле миллионго чукул кыргызстандыктын таза суу алууга мүмкүндүгү жок.

ЕРӨБ таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорун ишке ашыруу тууралуу банктын Борбор Азия боюнча директору Ник Маккейн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан учурда эле, тагыраагы 2018-жылдын декабрында билдирген. Ал учурда Маккейн банк Кыргызстанга инфраструктуралык долбоорлор үчүн 129 млн доллардан ашуун каражат бөлө тургандыгын маалымдаган.

Кредитти өз багыты боюнча колдонбоо үчүн штраф

Кыргызстан чет элдик насыяларды өз багыты боюнча пайдаланышы керек, болбосо өлкөгө штраф салынат.

Мисалы, ЕРӨБ 2013-жылы Кыргызстанга жаңы таштанды полигонун курууга жана эскисин рекольтивалиялоого 22 млн евро бөлгөн. Бул каражаттын жарымы насыя, ал эми калганы грант катары берилген. Курулуш 2019-жылдын аягына дейре бүтүрүлүп, бийлик эски полигонду таштандыларды жерге көмүү менен рекультивацияламакчы болгон.

Кыргызстан 2015-жылдан тарта 2018-жылдын октябрына дейре бул насыяны колдонбогону үчүн 151 миң евро төлөгөн. Өлкө полигон курмайынча ай сайын 4000 евро штраф төлөп турууга милдеттүү болгондуктан, айып пулдун өлчөмү январь айына карата 160 миң евродон ашып кеткен жана мындан ары да өсө берет.

Учурда Кыргызстан штрафтарды төлөп аткан шартта мэриянын аткаминерлерине кылмыш иштери козголгон.