Мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаев жол кырсыгына учурап, реанимацияга жаткырылды

Сүрөт: «АКИпресс»

Мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаев жол кырсыгына Сокулук районунда кабылган. Милициянын версиясы боюнча, Малабаев кетип бараткан машина жолдон четтеп, тоголонуп кеткен. Унаанын айдоочусу каза таап, ал эми Малабаев менен дагы эки жүргүнчү оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Жол кырсыгы 27-январь күнү кечинде болгон. Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсузудугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, шопур унааны башкара албай калгандыктан, машина Белогорка капчыгайындагы жардан учуп кеткен.

Шопур кырсык болгон жерден каза таап, ал эми Малабаев менен дагы эки жүргүнчү Бишкектин травмотология жана ортопедия борборуна жеткирилген.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова жол кырсыгында мурдагы министр Малабаев өзү жабыргакаганын тастыктап бере алган жок. Ал муну «мындай маалыматты жайылтууга укугу жоктугу» менен түшүндүрдү.

Бишкектин травмотология жана ортопедия борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков «Клооптун» журналистине Малабаевдин абалы «канааттандыраарлык оор» деп түшүндүрдү.

«Анын кабыргалары сынган. 3 кабыргасы [сынган], баш мээси чайкалган. кемирчектүү бөлүктөрү да сынган болушу мүмкүн», — деди Кубатбеков.

Аргынбек Малабаев 2015-жылы транспорт министри кызматын аркалаган. Ал Бишкек — Корумду жолун оңдоо боюнча тендерге байланыштуу ызы-чуудан улам иштен кеткен.

Анын тушунда Кытайдын «Лонг Хай» компаниясы жолду реконструкциялоо боюнча тендерди лицензиясы жок утуп алган.

Бул ошол кезде премьер-министр болуп турган Темир Сариев менен Аргынбек Малабаевдин ортосундагы араздашууга алып келген.

Сариев мыйзам бузуучулуктун себебин Траспорт министрлигинин шалаакылыгы деп белгилеп, Малабаевди жумуштан алууну сунуштаган. Малабаев өз учурунда Сариевди «Лонг Хай» компаниясынын кызыкчылыктарын сүрөп жатат деп айыптаган. Бул чырдын арты менен эки аткминер тең ээлеген кызматтарынан кетишкен.

Авторлошу: Эмил Султаналиев

ТЕМА БОЮНЧА:

Сариев менен Малабаевдин ортосундагы талаш-тартыш тууралуу эмнелер белгилүү?