Сот зордуктоого шектелген милиционерди үй камагына коё берди

Иллюстративдүү сүрөт

Сот кыз зордуктоого шектелген милиционерди үй камагына коё берүүнү чечти. Ал эки күн мурда, 30-январда кармалган.

Чүй облустук соттун басма сөз кызматы «Клооптун» журналистине билдиргендей, 31-январда Ысык-Ата райондук соту милиционерге карата жаза өтөө чарасы катары үй камагын колдонгон.

Кармалгандан кийин милиционер убактылуу кармоо изоляторунда жаткан, бирок тергөө менен прокуратура соттон аны камакта кармоонун мыйзамдуулугун текшерүүнү суранган.

Милиционер Бишкекте жашаган кыздан зордуктоо тууралуу түшкөн арыздан кийин кармалган.

Анын айтымында, зордуктоо Новопокровка айылындагы Чоң Чүй каналынын (ЧЧК) жанында орун алган, ал эми кылмышкерлердин саны бирден көп болгон.

Милиция башка да кылмышка тиешеси барларды издөөдө, бирок тергөөдө азырынча бир эле шектүү бар. Ал Бишкектин Свердлов РИИБнин нөөмөт бөлүмүнүн 36 жаштагы жарамчысы.

Юрист Замир Жоошевдин айтымында, бир нече адам катышкан зордуктоо учурунда сот шектүүнү тергөө изоляторго (ТИЗО) камакка алыш керек эле, анткени бул оор кылмыш.

«Мындай учурда сот үй камагын колдоно албайт эле. [...] Эгер практикадагы учурдарды айткан болсок, карапайым адамдарды [зордуктоого шектелгенде] дароо [ТИЗОго] камашат», — деди юрист.