Жазында кыргыз футбол лигаларынын матчтары түз эфирде көрсөтүлө баштайт

Кыргызстан курамасынын футболчулары Филиппин курамасына каршы оюнунда. Сүрөт: Гүлжан Турдубаева / «Азаттык»

«Кыргыз Спорт ТВ» жаңы телеканалынын башкы директору Анна Осмоналиева «Клооптун» журналистине билдиргендей, телеканал Кыргызстандагы футболдук топ-лига менен биринчи лиганын оюндарын түз эфирден көрсөтө баштайт.

Осмоналиева телеканалда керектүү жабдуулардын жарымы бар экенин, бирок апрелге карата алар матчтарды трансляциялоо үчүн толугу менен техникалык жактан толукталаарын айтууда.

«Ишти жаңы футбол сезону башталганда, тагыраагы апрелде баштайлы деп атабыз. [...] Азыр документтерди алуу деңгээлиндебиз, телеканал кадимки старттык пакетте болот, андан тышкары, биздин чет өлкөдөгү жарандарыбыз үчүн YouTubeда да жеткиликтүү болот», — деди Осмоналиева.

«Кыргыз Спорт ТВ» атамекендик футбол клубдарынын ортосундагы матчтарды трансляциялаган биринчи жана жалгыз телеканал болот.

Кыргызстанда өлкөнүн мыкты клубдары ойногон топ-лига бар, мисалы, Бишкектин «Дордой» жана Оштун «Алай» командасы. Мындан тышкары, биринчи да лига бар — ал күчү боюнча экинчи болуп эсептелет.

Ошондой эле, командалар жыл сайын Кыргызстандын Кубогу жана Суперкубогу үчүн ат салышышат. Жаңы канал бул оюндарды да түз алып көрсөтүүнү пландоодо.

Осмоналиева кошумчалагандай, Кыргызстандын волейбол жана баскетбол федерациялары да алардын телеканалына кызыгып жатышат.

«Биз шайтан араба ойлоп тапкыбыз келген жок. Биз ишти жергиликтүү футбол лигаларынан баштап, кийинчерээк олуттуу ири каналга айланган айрым Орусиянын спорт каналдарынын изинен өткүбүз келүүдө», — деди ал.

Кыргыз футболуна карата кызыгуу Азия Кубогунан кийин көбөйгөн. Ал турнирде Кыргызстан курамасы Филиппин командасын утуп, өз тарыхында алгачкы жолу турнирдин плей-оффтук баскычына өткөн.

Кыргызстан курамасы ⅛ финалында турнирдин ээси БАЭге 2:3 эсебинде утулуп калган. Финалда Катар курамасы жапон командасын 3:1 эсебинде утуп, турнирдин жеңүүчүсү аталган.