Экс-министр Батыралиев кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелүүдө

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кызмат абалынан кыянат пайдаланууга жана пайдасыз келишим түзүүгө шектеп жатат.

УКМКнын маалыматы боюнча, Батыралиев саламаттык сактоо министри болуп турган кезде өнөкөт бөйрөк оорулары менен жаьбыркагандарга гемодиализ үчүн жабдыктарды эреже бузуу менен сатып алган.

Эсеп палатасы жабдыктардын баасын текшерип, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө, тагыраагы 107 млн сомдон ашуу зыян тийгизилгенин аныктаган.

Батыралиев Саламаттык сактоо министрлигинин башчылык кызматын бир нече жолу аркалаган. Биринчи жолу ал бул кызматка 2014-жылы келген, андан соң аны бул кызматка 2016 жана 2017-жылдары кайрадан шайлашкан. Экс-министр 2018-жылы Сапар Исаковдун өкмөтү отставкага кеткенден кийин ээлеген кызматынан кеткен.

Материал жарык көрөөр алдында Батыралиев комментарийлер үчүн жеткиликсиз болду.