Сапар Исаковдун жактоочусу президенттин дарегине айткан сынынан кийин коомдук желедеги аккаунтун өчүрдү

Юрист Нурбек Токтакунов фейсбуктагы аккаунтун өчүрдү. Ал өз чечимин кардары экс-премьер-министр Сапар Исаковдун иши Башкы прокуратурада кароодо болгончо коомдук тармактардан «эс ала турушум» керек деп түшүндүргөн. Буга чейин ал президент Сооронбай Жээнбековдун ишин сындаган пост жазган.

Токтакунов «оюн бир жерге топтоо» максатында аккаунтун убактылуу өчүргөнүн «Клооптун» журналистине курган маегинде айтып берди.

«[Экс-премьер-министр Сапар Исаковдун] иши прокуратурага жөнөтүлгөндөн кийин бир аз тыныгайын дедим. Ошондуктан коомдук тармактардан бир аз эс ала турууну чечтим», — деди Токтакунов.

Аккаунтун өчүрүүдөн мурун ал президент Жээнбековдун жумушун сынга алган эмоционалдуу пост жарыялаган. Постто ал адепсиз лекасиканы колдонгон.

«Андан кийин мага ар кандай “жамандык кылгысы келгендер”, троллдор ар түрдүү постторду жөнөтө башташты. Мага бул жетип кетти, бирок негизи мындай нерселерди этибарга алчу эмесмин [...] Маал-маалы менен коомдук тармактардан кетип туруу — жакшы эле практика деп ойлойм», — деди ал. Токтакуновдун президенттин дарегине карата жазылган сынынан кийин коомдук тармактарда юристтин жеке интимдик жашоосу жөнүндө маалыматтарды ачыкташы ыктымал посттор пайда боло баштаган.

Токтакунов аккаунттун өчүрөөрдөн мурда эл алдында жана өзүнө жазылган колдонуучулардан кечирим сураганын кошумчалады. Анын айтымында, эгер президенттин өкүлдөрү андан кечирим суроону талап кылышса, анда ал «экспрессивдүү туюнтмалар жана уят сөздөрдү колдонгондугу» үчүн гана кечирим сурай алат.

«Бирок мен өлкө башчысынын өкүлдөрү мени менен президенттин айрым айткан сөздөрүн талкуулоолорун каалайт элем [...] Эгер президент мени сотко берүү керек деп чечсе, анда мен ага сотко жеке жак катары кайрылуусун кеңеш кылат элем», — деди ал.

Ал Жээнбековго даректелген экспрессивдүү посту «жеке өзү үчүн да күтүүсүз болгонун» айтты.

«Бул мен Сапар Исаковдун иш материалдарынын 54 томун изилдеп жатканда болгон жана бул нервдик психикалык жана физикалык чыңалуудан улам болгон [...] Андан кийин эл алдында кечирим сурайын деп чечтим», — деди ал.

Токтакуновдун адвокаттык ишмердиги

Нурбек Токтакунов бир гана бийликтин дарегине жолдогон жарандык позициясы менен эле эмес, катаал юридикалык иштердин үстүнөн эмгектенгени менен да белгилүү.

Мисалы, ал 2010-жылы «массалык башаламандык уюштурган» жана «милиционердин өлүмүнө катыштыгы бар» делип өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровду коргогон.

Өлкө бийлиги эл аралык коомчулуктун жана укук коргоо уюмдарынын чакырыктарына карабастан өз чечимин өзгөрткөн эмес. Укук коргоочулар менен Аскаровдун адвокаттары анын күнөөсү далилденген эмес деп ырасташкан.

2018-жылы Токтакунов сотто Бишкек ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция боюнча айыпталган экс-премьер-министр Сапар Исаковду коргой баштаган. Исаковдун иши 54 томдон турат жана ал 20 жылга чейин эркинен ажырап калышы мүмкүн.

Токтакунов 2018-жылы ноябрда Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабынын «көмүскө кассасы» жөнүндө маалымат жарыялаган. Ага ылайык, шайлоо өнөктүгүн уюштурууга кеткен чыгымдын өлчөмү расмий документтерге караганда он эсе жогору болгон. Ал эми Жээнбековдун администрациясынан бул маалыматты «фейк» деп аташкан.