Депутаттын мас абалындагы күйөө баласы бир түндө эки жол кырсыгын жаратты

Жол кырсыгы болгон жерден тартылган сүрөт

Парламент депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин күйөө баласы Бишкекте өз автоунаасы менен бир нече машинаны сүздү. Анын машинасын айып унаа токтотуу жайына алып барышканда ал качып кетүү аракетин көрүп, дагы бир нече унааны сүзгөн.

10-февралда Бишкекте депутат Камчыбек Жолдошбаевдин күйөө баласы Айбек Сыдыков «Лексус» унаасында Гоголь жана Чүй проспектисинин кесилишинде эки машианын сүзүп алган. Жабыркаган машианалар айып унаа токтотуу жайына жеткирилген. Сыдыков ал жактан машинасын айдап алып качып кетүүгө аракеттенип, ал жерден дагы бир нече машинаны сүзгөн.

«Жол кырсыгы болуп, биздикилер билдирүү боюнча барышкан. Ал жакта үч машине сүзүшүптүр. Бардык машиналар айып короого киргизилген, бирок алардын баарын сүзгөн “Лексустун” айдоочусу мас болчу. Документтерди каттап жаткан маалда мас айдоочу унаасына кайра отуруп, жанында турган дагы үч машинаны сүзүп салган. Ал качып кетүүгө аракеттенген», — деп билдиришти ЖКККББнын басма сөз кызматынан.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери айдоочунун аты-жөнү менен жол кырсык фактысы аныкталган соң Сыдыковду коё беришкен.

Бул Сыдыковдун биринчи эле мыйзам бузуусу эмес. 2017-жылдын октябрында ал милициянын подполковниги болуп турган кезде мушташ уюштуруп, бишкектик «Ретро Метро» клубунун имаратына ок аткан.

Ал кезде ага кылмыш иши козголуп, бейбаштык үчүн үч жылга шарттуу кесилип, милициядан бошотулган. Сыдыковдун адвокаты сот чечимине даттанганы менен апелляциялык арыз азырынча карала элек.

Ок чыгаруу окуясынан кийин кыргыз ЖМКлары Сыдыков — депутат Камчыбек Жолдошбаевдин күйөө баласы экендигин жазып чыгышкан. Ал эл өкүлүнүн кичүү кызы Гулиза Жолдошбаеванын күйөөсү. Муну салык кызматынын маалыматтары да тастыктайт. Ага ылайык, Сыдыков жана Жолдошбаева Бишкекте бир батирде катталышкан.

• Парламенттин «Өнүгүү — Прогресс» партиясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев өзүнүн текмаанисиз айткандары жана жоруктары менен белгилүү. Көз карандысыз журналист Семетей Талас уулу аны кол салуу боюнча айыптаган, депутатка каршы мушташкандыгы үчүн кылмыш ишин козгошкон, ал көп аял алууну мыйзамдаштырууну жана Кыргызстандын тышкы карыздарын бизнесмендердин эсебинен төлөп берүүнү сунуштаган.

• 2018-жылы февралда парламентарий жумушка маршруттук таксиде же жөө келип аткан кесиптештеринин алдында уялып аткандыгын айткан. Ал учурда Жолдошбаев депутаттарга кызматтык унааларды кайтарып берүү жөнүндө маселени кароону сунуштаган.

• Жолдошбаев жок эле дегенде беш ишканага, ал эми анын жакын тууганы кымбат баалуу унаалардан турган автопаркка ээлик кылат. Депутаттын кыздары Ош базарынын аймагындагы эки соода үйүнө, тагыраагы «Беш Сары» жана «Profit Credit Company» микрокредиттик компаниясын жетектешет. Алардын негиздөөчүсү болуп парламентарий өзү эсептелет.