Өкмөт маморгандарга басма сөз жыйындарды «Кабар» агенттигинде өткөрүүнү тапшырды. Башка ЖМК журналисттери буга нааразы болушууда

«Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйындардын бири. Сүрөт: «Кабар»

Өкмөт бардык маморгандарды журналисттер үчүн басма сөз жыйындар менен брифиңдерди «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигинде өткөрүүгө милдеттендирди. Башка басылмалардын журналисттери мамагенттикке берилген мындай артыкчылыкка нааразы болушту.

Өкмөттүн тапшырмасы 12-февралда пайда болгон. Ага вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын колу коюлган.

Иш-чараларды өз басма сөз борборунда өткөргөн «Кабар» сыяктуу эле «24.kg» маалымат агенттигинин негиздөөчүсү Асел Оторбаева документти фейсбук барагында жарыялаган.

Бегаим Усенова (Begaim Usenova) Elina Karakulova Azamat Tynaev Дина Маслова (Dina Maslova) Дмитрий Ложников (Dmitry...

Posted by Асель Оторбаева on Tuesday, February 12, 2019

«Мамлекеттик ЖМКларга жеңилдиктерди берүү туура эмес деп ойлойм. Мен салык төлөөчүмүн. Эмне үчүн мен бардыгы окугусу келген жаңылыктарды жасаганды үйрөнө албай койгон чоң түзүмдү камсыздашым керек? [...] ЖМК базарында жөн гана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк болушу керек: окурман өзүнө кызыктуусун тандайт», — деп эсептейт Оторбаева.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Клоопко» түшүндүргөндөй, өкмөт мындай тапшырманы чагыруу чечимин бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында кабыл алган.

«“Кабар” мамлекеттик борбору өзүнүн аянтчасын маморгандар үчүн акысыз берет, ошол эле учурда кээ бир маморгандар ар башка агенттиктерден аянтчаларды коммерциялык негизде ижарага алышчу. Ошондуктан бизге мамлекеттик бюджеттин каражаттарын коротпоо сунушталган», — деди Өмүрбекова.

Медиаэксперт Гүлнура Төралиева өкмөттүн мындай тапшырмасы маалымат алуу жөнүндө мыйзамга каршы келет деп эсептейт.

«Басма сөз жыйындарды бир гана басылма өткөрүшү керек деп артыкчылык берүү менен биз маалыматты бирдей алуу принцибин бузуп коёбуз. Ар бир маморган иш-чараны кайдан өткөрүү ыңгайлуу экенин өзү чечиши керек», — деп айткан Төралиева өз басма сөз борбору бар «24.kg» агенттигинин кабарчыларына.

Юрист Эдил Эралиев Төралиеванын пикирине макул. Ал өкмөттүн бул тапшырмасы медиабазардагы атаандаштыкты бузат деп эсептейт.

«”Кабар” жана башка ЖМКлар — бул бир базар, бирок “Кабар” [ал базарда] бул документтин айынан артыкчылыкка ээ болуп жатат», — деди Эралиев.

Ал эми юрист Атыр Абдрахматова өкмөттүн буйругу журналисттер үчүн маалымат алууну чектебейт деп эсептейт, себеп дегенде «маалымат алуу» жана «маалымат берүү жайы» деген түшүнүктөр — бул ар башка нерселер.

«Эгер Алтынай Өмүрбекова маморгандарга биринчи маалыматты “Кабарга” андан кийин башка ЖМКларга берүүнү тапшырса, анда бул мыйзам бузуу болмок», — деди ал.

Алтынай Өмүрбекова юристтер менен кеңешип, эгер буйрук учурдагы мыйзамдарга каршы келе турган болсо тапшырманы кайтарып алаарын «Клооптун» кабарчысына курган маегинде ишендирди.