КТРКнын башчысы телеканалды кайра жетектөөнү чечти (бирок мурда экинчи мөөнөткө барбоону убада кылган)

Өзүнүн чечими тууралуу Карыпбеков фейсбук барагында маалымдады. Бул чечимди ал анын жетекчилиги алдында КТРК рейтингдер жана көрүүлөр боюнча башкы орусиялык телеканалдарды «ашып өткөндүгү», ошондой эле өлкөдө «лидер» болгону менен түшүндүрдү.

КТРКнын башкы директору өз кайрылуусун 15-февралда жарыялаган.

Друзья!Во первых хочу выразить огромную благодарность коллективу КТРК, Наблюдательному совету КТРК, всем партнерам,...

Posted by Ilim Karypbekov on Thursday, February 14, 2019

Карыпбеков бир гана телеканалдын ийгиликтеринен улам эмес, телекорпорациянын кызматкерлеринин өтүнүчтөрүнөн улам да кайрадан КТРКнын башкаруучулук кызматына талапкерлигин коюуну чечкен.

«КТРКнын көпчүлүк кызматкерлеринин жеке каалоолору аларды КТРКнын байкоочу кеңешине, президенттин атына, парламентке жана жеке мага кийинки мөөнөткө ачык тандоо конкурсуна катышуу өтүнүчү менен оозеки жана кат түрүндө кайрылууга түрткү болгон», — деди Карыпбеков.

Ал экинчи мөөнөткө барбоо тууралуу убадасы ээлеген кызматын «КТРКны жаңы деңгээлге чыгара ала турган» күчтүү, кайраттуу жана тажрыйбалуу жаңы профессионалга өткөрүп берүү каалоосунан улам чыкканын кошумчалады.

Карыпбеков мындай чечими үчүн сынга кабылышы мүмкүндүгүнө карабастан, ал өзүнүн талапкерлиги КТРКнын жетекчилик кызматына келүүнү каалагандардын ортосунда атаандаштыкты гана күчөтөт деп ишенет.

«Айрым адамдар талкууну максаттуу түрдө менин башкы директорлук кызматтагы иш мөөнөтүмдү дискредитациялоого бургулары келип жатышканын өкүнүү менен белгилейм. [...] Мен да, КТРКнын бүткүл командасы да уяла турган эч нерсе жок, чоң иштер аткарылды, талыкпас эмгек, маанилүү жыйнтыктар бар», — деп билдирди ал.

КТРКнын жетекчилик кызматына ачык конкурс 18-январда жарыяланган. 15-февралда байкоочу кеңештен билдиришкендей, берилмелерди төрт гана талапкер жөнөтүшкөн. Мамлекеттик телекорпорациянын башчысы төрт жылдык мөөнөткө дайындалат.

Телеканалды каржылоого бийлик жыл сайын дээрлик 400 млн сом бөлөт. КТРК Кыргызстандагы эң атактуу каналдардын бири.

Карыпбековдун КТРКдагы иши

Карыпбеков КТРКны 2015-жылы мартта жетектей баштаган. Буга чейин ал эл аралык «Манас» аэропортун жетектеген жана «Мегаком» компаниясында юрист болуп иштеген.

Карыпбеков КТРКнын башкы директорлук кызматына экинчи ирет талапкерлигин койбостугу жөнүндө 2017-жылы июнда билдирген.

Ошол эле жылы март айында ал Бишкектин түштүгүндө жол кырсыгына учураган. Врачтар ал оор жаракаттарды алганын жана жүрөгү токтоп калганын кабарлашкан менен анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон.

Кыргызстандын башкы телеканалы негизинен бийликтин көз карашын чагылдырган бир жактуу сюжеттерден улам далай ирет сындарга кабылган.

Кээ бир депутаттар Карыпбековду бир нече жолу сынга алышып, телеканал оппозицияга эфир бербейт деп айтып чыгышкан. Бирок КТРКнын башчысы өзү билдиргендей, каналдын сынга алынуусуна карабастан, жеке ага бир дагы документтелген нааразычылык түшкөн эмес.

Тема боюнча:

КТРКдагы сериал ала качууну жакшы өңүттө көрсөткөн. Бул эмне үчүн жаман экенин түшүндүрөбүз

Сын-пикирлерден улам КТРК «Салам Кыргызстан» берүүсүн эфирден алды