Баткен: Имарат көйгөйүнөн улам 176 бала тарбияланган бакча ишин токтотту

«Колосок» балдар бакчасы. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Кадамжай районундагы «Колосок» бала бакчасы январдын соңунан бери иштебей турат. Мамлекет тарабынан каржыланган бакчанын имараты акционердик коомдун балансында болгондуктан, анын ордуна жеке менчик бакча ачылышы мүмкүн болууда.

Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү «Колосок» балдар бакчасы 1968-жылы негизделген. Кийинчерээк анын имараты «Сельхоз ремонт» акционерлердин коомунун балансына өтүп кеткен. 1996-жылы ишин жандандырган бакча мамлекет тарабынан каржыланып турган.

2018-жылдын соңунда Билим берүү министрлигинен бакчаны башка имаратка жылдыруу же мамлекеттик кызматташтык боюнча узак мөөнөткө келишим түзүү боюнча тапшырма келгенин райондун акими Жеңиш Исаков маалымдады.

Анын айтымында, убагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен акционердик коомдун ортосунда келишим түзүлгөн эмес. Ошондуктан, бакчанын иши 28-январда убактылуу токтотулуп эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө дейт: «Көйгөй ошол имараттын документтеринде болуп жатат. Акционердик коом менен келишим түзүш керек да».

Бакчанын директору Ирода Мамажанованын айтымында акционердик коомдун мүчөлөрү буга чейинки сүйлөшүүлөрдө бакчаны жеке менчик кылуу ою бар экенин билдиришкен.

Материал жарык көрөөр алдында акционердик коомдун мүчөлөрү жеткиликсиз болгондуктан «Клооптун» журналисти алардан интервью ала алган жок.

Аким эгерде айыл өкмөт менен акционерлер узак мөөнөткө келишим түзө албаса, анда бакчаны башка мамлекеттик же жеке менчик имаратка жылдырышаарын кошумчалады.

Жергиликтүү бийликтегилер бакчанын имарат маселеси качан чечилээрин жана 176 бала качан кайрадан бакчага барышаарын так айта алышкан жок.

Учурда өлкө боюнча 3-6 жаштагы 608 миң бала бар. Анын ичинен 187 миң бала гана бакчага барат. Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен толук камсыздоо үчүн 250 орундуу дагы 1600 бакча куруу керек.

Редактору: Айдай Беделбек кызы