Маданият министрлигинин юристи журналист Лейла Саралаевага койгон дооматынан баш тартты

Лейла Саралаева. Сүрөт фейсбук барагынан алынды

Маданият министрлигинин кызматкери Кыял Кенжематова «Жаңы жүздөр» гезитинин башкы редактору Лейла Саралаева менен журналист Светлана Бегуновага каршы доо арызын чакыртып алды. Ал муну эрезеге жете элек балдарынын тынч жашоосу үчүн кылганын билдирди.

Саралаева өзүнүн фейсбуктагы барагында жазгандай, 19-февралда маданият министрлигинин маалыматтык саясат департаментинин юристи ага жана журналист Светлана Бегуновага каршы койгон дооматынан баш тарткан.

«Аталган окуяны тынчтык жолу менен чечүүнү маданият министри [Азамат Жаманкулов] демилгеледи. Кыял Кенжематова менен анын иш бөлмөсүндө жолуктук. [...] Биз дагы бир ирет аталган окуя жокко чыкты деген ымалага келип, бири-бирибизди сабырдуулукка, өз милдеттерибизди мамкызматкер, анын ичинде журналист катары профессионалдык этиканын чегинде аткарууга чакырдык», — деп жазган Саралаева.

Кенжематова доо арызын өз балдарынын коопсуздугу жана бейпилдиги үчүн гана чакыртып алгандыгын «Клоопко» айтып берди.

«Журналисттердин комиссиясынын кайрылуусу да, министр менен сүйлөшүү да мени токтото алган жок. Менин арызым айрым бир ЖМКга каршы эмес, Конституциялык укугумду бузган конкреттүү физикалык жакка каршы берилген. Мен аны тек гана балдарымдын бейпилдиги үчүн чакыртып алдым, төрт баланы жалгыз тарбиялайм. Айыптоодон баш тартуу мага кыйынга турду», — деди ал.

Кенжематова журналист телефондук сүйлөшүүнү уруксатсыз ачыкка чыгаруу менен анын укугун бузду деп эсептейт.

2018-жылы ноябрда Саралаева юрист Кенжематова менен болгон телефондук сүйлөшүүнү жарыялаган — анда журналист юристтен «Жаңы жүздөр» гезитин маданият министрлигине акысыз берүү талабынын себебин сураган.

Саралаеванын айтымында, юрист «жинденип», көзөмөл органдарына кайрылам деп коркуткан. Бирок Кенжематова өзү муну четке кагып, Саралаева менен сүйлөшүүдө болгону анын оройлугуна жооп катары юридикалык гана терминдерди колдонгонун айтууда.

Журналист бул сүйлөшүүнү басым катары баалап, аны өзүнүн фейсбук барагына жарыялаган. Ал эми журналист Светлана Бегунова бул телефондук сүйлөшүүнүн жазмасын өз барагына бөлүшкөн.

Кийинчерээк ошол учурдагы маданият министринин орун басары Айнура Темирбекованын кечирим суроосунан кийин Саралаева постун өчүрүп койгон. Бирок, ага карабастан Кенжематова кат жазышуулардын жана телефондук сүйлөшүүлөрдүн сырдуулугун бузуу айыбы боюнча сотко кайрылган. Ал аны менен бирге телефондук сүйлөшүүнү бөлүшкөндүгү үчүн Бегунованы да сотко берген.