Жалал-Абад: Милиция колу кишенделген 16 жаштагы кыздын окуясын териштирүүдө

Коомдук тармактарда колу кишенделип, адамдардан жардам сурап кайрылган кыз туурасында тасма тараган. Жалал-Абад милициясы маалыматты тастыктап, окуяны үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча каттоого алды.

Интернетте колу чынжырланган кыздын видеосу тараган. Окуя Жалал-Абад шаарындагы автобекеттердин биринде болгону аныкталды.

Шаардык милициянын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубаев окуя боюнча маалымат укук коргоо органдарына 19-февраль күнү түшкөнүн билдирди. Анын айтымында, кыздын абалы жакшы жана ал ошол эле күнү социалдык коргоо башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Турдубаев белгилегендей, кыз 16 жашта болгон. Анын ата-энеси алты айлык мезгилинде ажырашып, апасы жана таенеси менен жашаган. Өспүрүм кыз үйдөн бир нече жолу качып чыгып, атасына барууга аракет кылганда апасы колун чынчырлап койгон. Мындай абалда кыз 10 сааттай кармалган. Кийинчерээк досторунун жардамы менен үйүнөн качып чыккан.

«Бул окуя үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катары катталды. Учурда жашы жете элек кыз апасы менен жашоодон баш тарууда. Биздин маалымат боюнча кыздын апасы атасын көрүүгө шарт түзүп берген эмес», — деди ал.

Кыздын апасы Гүлчехра Батырханова кызы үйгө мас абалда келип, бир нече жолу качканга аракет кылгандыктан мындай кадамга барганын айтат.

«[Кызым] 4-февралдан баштап мектептен үйгө кеч келе баштады. Андан кийин мас абалда кармап, катуу кармай баштадым. Кызым үйдөн качып кете бергенинен жакшы жолго түшүрүү үчүн байлап көрөйүн дедим. Башка аргам калган жок эле», — деди Батырханова «Ынтымак» телеканалына курган маегинде.

Социалдык коргоо башкармалыгынын өкүлү Назира Жакыпова кызга медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүп, ал алты айга «Ак-жол» реабилитациялык борборуна жайгаштырылганын билдирди. Бул аралыкта кыздын ким менен жашай турганы белгилүү болот дейт.

«Ата-энеси менен сүйлөшүп, апасына же атасына кайтарып берүү пландалууда. Атасы Базар-Коргон районунун тургуну экен. Аны менен сүйлөшкөнгө аракет кылып жатабыз», — деди Жакыпова.

Учурда милиция тарабынан кыздын саламаттыгына зыян келип-келбегени боюнча экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен кыздын апасына кандайдыр бир айып тагылаары белгилүү болоорун айтышты. Тергөө иштери аяктагандан кийин иш сотко өткөрүлүп берилет.

Редактору: Айдай Беделбек кызы