Алимент төлөбөгөндөр унаа айдоо жана аңчылык кылуу укугунан ажыратылышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаттары сот аткаруучуларынын макамы жөнүндө мыйзамдын өзгөртүүлөрүн жактырышты — муну менен сот аткаруучулар алимент боюнча карызкорлорду убактылуу аңчылык кылуу жана унаа айдоо укугунан ажырата алат.

Парламент аталган өзгөртүүлөр тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда, 21-февралда кабыл алды. Эми ал күчүнө кириши үчүн президент Сооронбай Жээнбеков макулдук бериши керек.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Максат Сабиров «Клооптун» журналистине маалымдагандай, издөөдө жүргөн карызкорлордун маалыматтары менен сүрөтүн сот департаментинин сайтына жарыя кылып туруу пландалууда.

Өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышы менен карызкор алиментти өз убагында төлөп турбаса, анда сот аткаруучусу аны аңчылык кылуу жана унаа айдоо укугунан убактылуу ажырата алат. Сот аткаруучу төмөнкү учурларда муну кыла албайт:

• эгерде карызкор өзүнүн тиричилик каражатынын негизги булагынан ажыраса;

• эгерде карызкор транспорт жеткиликсиз жерде жашап, анын үй-бүлөсү үчүн унаа айдоо зарыл болсо;

• эгерде карызкор майыптуулугуна байланыштуу транспорт каражатын пайдаланган адам болсо;

• эгерде карыздын суммасы 1 000 сомдон ашпаса.

Өзгөртүүлөр киргизилип жаткан сот аткаруучунун макамы тууралуу мыйзам 2017-жылдан тарта иштеп келет. Аны түзүүчүлөрдүн айтымында, бул мыйзам үй-бүлө, энелик, аталык жана балалыкты коргоо максатында кабыл алынган. Муну менен бирге ата-эненин алименттик милдеттерин жөнгө салат.