Мамкүзөттүн кызматкери «Коопсуз шаардын» көчмө камерасын уурдоого аракет кылып, аны бузуп алды

Кыргызстандын Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу мамкүзөттүн кызматкери Чүй облусунда жол эреже бузууларын каттап аткан көчмө камераны уурдоого аракет жасап, аны бузуп алды. Эми түзмөк Орусияга диагностикага жөнөтүлмөй болду.

Камераны уурдоо аракети 21-февралда Чүй облусунун Беш-Күңгөй айылында болуп, окуя күбөнүн видеосуна түшүп калган.

Жарыкка чыккан тасмадан белгисиз адам камераны машинанын багажнигине жүктөөгө аракет кылып атканын, ал эми камераны орнотуучу «Вега» радиоконцернинин кызматкери аны токтотууга аракеттенгенин көрүүгө болот.

Чүй облустук ИИБ «Веганын» камерасын уурдоого ИИМдин мамкүзөтүнүн кызматкери катышканын аныктаган. Милициянын маалыматы боюнча, ал жана анын жолдошу «Веганын» кызматкерине асылышып, түзмөктү талкалоого аракет жасашкан.

«Веганын» Кыргызстандагы өкүлү камераны бузган адам мас абалда болгонун «Клооптун» кабарчына курган маегинде айтты. Эми түзмөк Орусияга диагностикага жөнөтүлөт.

«[Окуядан кийин камеранын] ылдамдыкты так аныктоосу бурмаланып калышы мүмкүн. Ошого байланыштуу кечээги күндөн тарта бул аппараттык-программалык комплекс нөөмөттөн алынды [...] Биз үчүн аппараттык-программалык комплекстин ылдамдыкты так аныктаганы маанилүү», — деди «Клооптун» аңгемелеши.