Франция журналист Улугбек Бабакуловго башпаанек берди

Улугбек Бабакулов

«Улуттар аралык кастыкты козутуу» айыбы боюнча бир нече жыл мурда Кыргызстандан чыгып кеткен журналист Улугбек Бабакулов Францияда качкын макамын алды. Бабакулов өзү эми Кыргызстанга жакынкы 10 жыл ичинде келе албасын айтат.

Франциянын качкындар иши боюнча башкармалыгы 25-февралда Бабакуловду укуктук коргоого алды. Ага консулдуктарга же Кыргызстандын Франциядагы жана башка өлкөлөрүндөгү элчиликтерине кайрылууга болбойт. Бул үчүн Бабакуловду качкын макамынан ажыратып коюшу мүмкүн.

«[Кыргызстандын] бийлиги ойдон чыгарылган себеп менен мага каршы кылмыш ишин козгоп, ага караштуу ЖМКлар аркылуу массалык кодулоо уюштурушкан. Эми Франциянын бийлиги мага жана менин үй-бүлөмө коргоо жана башпаанек берип, ошондой эле бул жерде отурукташууга мүмкүнчүлүк түзүп берди», — деп Бабакуловдун айткандарын «Фергана» келтирет.

Журналист жакынкы 10 жыл ичинде Кыргызстанга кайтып келе албасын кошумчалады.

Бабакуловго козголгон кылмыш иши

Бабакулов Кыргызстандан 2017-жылдын 8-июнунда чыгып кеткен. Эртеси күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аны «улуттар аралык кастыкты козуткан» деп айыптап, кылмыш ишин козгогон.

Бабакуловго кылмыш ишин козгоого анын «Фергана» сайтында жарык көргөн макаласы себеп болгон. Макалада автор Жалал-Абад облусунун Масы айылында кыргыздар менен өзбектердин ортосунда чыккан мушташ тууралуу сөз кылат. Анда коомдук желелердеги ой-пикирлерди мисал келтирип жазат. Материалда этникалык кыргыздар болушу ыктымал адамдар этникалык өзбектерди кемсинтет. Кемсинтүүгө ошол мушташ себеп болгон.

Бабакулов өзү ага каршы кылмыш ишинин козголушун «атайын кызматтардын сандырагы жана келесоолугу» деп атаган. Мындан тышкары, Кыргызстандын бийлиги «Фергана» сайтын да тосмолоп, бирок сайттын редакциясы айыптоолорго «ойдон токулган жана саясий жүйөөлөнгөн» деп баа берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Журналист Бабакулов Кыргызстандан чыгып кетти

УКМК журналист Бабакуловго кылмыш ишин козгоду

Бабакулов: «Мен көйгөйдү жараткан жокмун, көрсөтүп бердим»

Журналисттерди коргоо комитети бийликти Бабакуловго коркутууларды иликтөөгө чакырды