Депутат Жылдыз Мусабекованын үстүнөн Башкы прокуратурага арызданышты

Жылдыз Мусабекова. Сүрөт Парламенттин басма сөз кызматы

Бишкек Феминисттик Демилгелер (БФД) кыймылынын башчысы Гүлайым Айылчы парламенттин депутаты Жылдыз Мусабекованын үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазды. Активист Башкы прокуратурадан Мусабекованын фейсбуктагы үйлөнгүсү келбеген балдар менен чай куйгусу келбеген кыздарды «сабаш» керектиги тууралуу жазылган постуна юридикалык баа берүүнү суранган.

Айылчы «Клоопко» билдиргендей, ал арызды 20-мартта берген. Анын пикири боюнча, эл өкүлү зомбулукка үндөбөшү керек.

«Эл алдында жүргөн адамдын жагымсыз чакырыктары коомдун пикирине кыйла эле таасир этип, аларды мыйзамсыз аракеттерге жана зомбулукка түртүп коюшу мүмкүн», — деп түшүндүрөт Айылчы.

Активист өз арызында болжолдуу депутат Жылдыз Мусабекова жазышы ыктымал фейсбуктагы постту көрсөткөн. Айылчы аккаунтту депутат өзү колдонооруна ишенет.

Башкы прокуратураны постто жазылган төмөнкү сөздөргө юридикалык баа берүүнү суранышты:

• Мындай ата-бабада жок жосунсуз жорукту баштап, эркегибиз «төрөбөйм», кызыбыз «чай куйбайм» дегендерди сөкмөк тургай, сабаш керек;

• «Жиндерин кагалы. Намысы бар жигиттер барбы?»

«Чай куюу келиндин милдети эмес» деп плакатта жазылган чакырыкты 8-мартка карата өткөн аялдардын жөө жүрүшүнүн катышуучусу көтөрүп чыккан. Жөө жүрүштү жыл сайын Бишкек Феминисттик Демилгелер кыймылы уюштуруп келет. 2019-жылы марш 400гө чукул адамды чогулткан — бул өткөн жылдардагы салыштырмалуу рекорддук сан.

Жөө жүрүштүн кээ бир катышуучуларынын плакаттары жана ага ЛГБТ коомунун өкүлдөрүнүн катышканы парламент депутаттарынын көпчүлүгүнүн, анын ичинде бийликчил партиянын депутаты Жылдыз Мусабекованын нааразылыгын жараткан.

Мусабекова парламент жыйынында Борбор Азияда «биринчи жолу гей парад» өттү деп билдирген — ал аялдардын тынчтык маршын ушинтип атаган. Андан тышкары эл өкүлү УКМК жана ИИМден жөө жүрүштү ким жана эмне үчүн уюштурганын билүүнү талап кылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Аялдар маршынын катышуучусу коркутуулардан улам «Кырк Чоронун» лидеринин үстүнөн арызданды

Депутат Мусабекова аялдардын укугу үчүн жөө жүрүштүн катышуучуларын «жети аял алгандардын эси жок балдары» деп атады

«Бетиңди тилип туруп туз менен сээп коем, жалап». Депутат Мусабекова журналист кызды опузалаганбы?