Милиционерлер Бишкектен Таласка ала качып баратышкан кызды куткарып калышты

Иллюстративдик сүрөт. Темир Сыдыкбеков / RFE/RL

Чүй облусунун патрулдук милициясынын кызматкерлери бир кызды ала качуудан куткарып калышты. Аны Бишкектен Таласка зордоп никеге тургузуу үчүн алып кетип бара жатышкан. Ала качкандарды кармоого Бурулай Турдалы кызынын өлүмү жана аны ала качуу боюнча иште шалаакылык мамилеси үчүн айыпталган инспектор катышкан. 

Кызда 23-мартта куткарышкан. Патрулдук милиционерлер Бишкек — Ош жолунда документтерди текшерүү үчүн «Хонда Стэпвагон» автоунаасын токтотушкан.

Автоунаанын ичинде төрт бала жана бир кыз бар болгон. Милиционерлер машинага жакындап калганда кыз кыйкырып жиберген. Аны Бишкектен Таласка ала качып баратышканы аныкталган.

Кызды машинадан инспектор Замир Айткожоев бошотуп чыккан: ал Бурулай Турдалы кызын ала качуу жана өлтүрүү иши боюнча шалаакылыкка айыпталууда. Анын айтымында, ага «Хонда» үлгүсүндөгү автоунааны токтотуу боюнча алдын-ала маалымат берилген.

«Айдоочу документтерин издеп калып, мен автоунаага жакын басып барууну чечтим. Ошол убакта жардам сурап аткан кыздын үнүн уктум. Кыз ала качып бара жатышат деп кыйкырды. Мен аны дароо эле машинадан сууруп чыгууга аракет кылдым. Бирок төрт эркек киши агрессивдүү болушуп, кызды бербей жатышты [...] Мен кызды эптеп чыгарып, патрулдук унаага отургуздум», — деди ал.

Инспектордун айтымында, жаш балдар ага каршылык көрсөтүүгө аракет жасашкандыктан, ал телефон менен ыкчам топту чакырган.

«Мен кызды РИИБке алып бардым, аны тергөөчүгө тапшырып, рапорт жаздым. Балдарды да милицияга жеткиришти. Ыкчам топ мыкты иштеди», — деп Айткожоев «Клооптун» журналистине айтып берди.

Бишкек ШИИБнин басма сз катчысы Нурлан Кайназаров «Клоопко» билдиргендей, милиция «Никеге тургузуу максатында ала качуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Ала качууга шектелгендердин төртөөсү убактылуу кармоо изоляторуна жайгаштырылды.

Бурулайды ала качуу жана өлтүрүү

Ала качуунун курмандыгына айланган Бурулай 2018-жылы майда кайтыш болгон. Анда да жол инспекторлору машинаны токтотушкан. Анын ичинде кыз жана аны ала качып баратышкан эки адам болгон. Алардын бардыгын Жайыл РИИБнин бөлүмүнө жеткизишип, ошол жерден Бурулай киши колдуу болгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Бурулайды аны менен никеге тургусу келген Марс Бөдөшов өлтүргөн. Сот Бөдөшовду күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыраткан.

Кыздын киши колдуу болушунан улам милиция бөлүмүндө 23 милиционер жоопкерчиликке тартылган. Алардын айрымдары кызматтарынан бошотулуп, башкаларына катаал сөгүш берилген, ал эми үчүнчүлөрүнө сыноо мөөнөтү берилген. Алардын ичинен дагы бешөөсү шалаакылык боюнча айыпталып, иш сотко өткөн. Булардын үстүнөн сот процесси уланууда.