Жалал-Абадда сот аткаруучулар 25 миң сом пара алып жаткан учурда кармалышты

Ала-Бука районунун сот аткаруучулар бөлүмүнүн эки кызматкери 25 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түштү. Кармалгандар алименттен карызы бар тургунга Кыргызстандын сыртына чыгууга уруксат берүү үчүн акча талап кылышкан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, окуя 20-мартта болуп өткөн.

«Ала-Бука райондук сот аткаруучулар алимент төлөө боюнча 67 миң сом өлчөмдөгү карызы бар жергиликтүү тургундан Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө уруксат берүү үчүн 30 миң сом талап кылышкан», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Аталган факт «опузалап пара талап кылуу» беренеси менен катталып, шектүүлөр Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстандын «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамынын 46-беренесине ылайык, алимент төлөбөгөн кишилерге өлкөнүн сыртына чыгууга чектөө киргизилет.

Сот департаментинин маалыматы боюнча өлкөдө алимент төлөбөй жүргөн жашоочулардын саны 40 миңден ашат.