Аткезчиликке айыпталган экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу 12 жылга эркинен ажырашы мүмкүн

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулунун ишин кароо Алматынын атайын райондор аралык сотунда өтүп жатканын «Казинформ» басылмасы кабарлайт. Аны менен кошо аткезчилик иши боюнча дагы 11 адамга айып тагылган.

«Дамирбек Асылбек уулун “Транс улуттук кылмыштуу уюмун түзүү”, “Экономикалык аткезчилик” беренелери боюнча күнөөлүү деп табууну жана эркинен ажыратуу түрүндө акыркы жаза мөөнөтүн 12 жыл деп белгилөөнү суранам», — деп билдирди прокурор сот отурумунда.

Андан тышкары, Асылбек уулун абакта «максималдуу коопсуздукта» кармоо, анын ичинде жаза өтөө мөөнөтү аяктаган соң өлкөдөн чыгаруу сунушталды.

Тергөөнүн пикири боюнча, Дамирбек Асылбек уулу аткезчилик менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топту жетектеген жана ал бир жыл ичинде чек ара аркылуу 407,5 млн теңгенин товарын өткөзүп, ошондон улам казынага 99 млн теңгеден ашуун бажы төлөмдөрү түшпөй калган.

Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын атайын кызматы тарабынан колго түшкөнгө чейин «Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңеште депутат болгон. Асылбек уулу кармалган соң, анда кыргыз жана казак жарандыгы бар экени аныкталган. Бул аны депутаттык мандаттан ажыратууга себеп болгон. Ал эми анын фракциядагы ордуна апрелде Руслан Чойбеков келген.