Орусияда 130 миңден ашуун кыргызстандык миграциялык мунапыска илинди

Орусиядагы эмгек мигранттары. Иллюстративдүү сүрөт

Кыргызстандын мамлекеттик миграция кызматы маалымдагандай, Орусияга келүүсүн легалдуу кылуу укугу менен 131 миң кыргызстандык пайдалана алат. Орусиянын бийлиги мунапыс берүүнү 22-мартта баштаган. Аны атайын Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон сапарынын алдында өткөрүшкөн.

Кыргызстандын мамлекеттик миграциялык кызматы «Клоопко» билдиргендей, кыргыз мигранттары Орусиянын ИИМинин аймактык бөлүмдөрүндө легалдаштыруу процедурасынан өтө алышат. Мунапыска илиниш үчүн аларга сөзсүз эле Орусиянын чет жакасына чыгып келүү керек эмес.

«Паспорт менен [ошол жака кайрылышып], миграциялык карталарын жаңылап алуу керек. Андан соң 30 күндүн ичинде миграциялык каттоого туруу абзел», — деп айтышты мекеменин басма сөз кызматынан.

Мындан тышкары, Орусиянын миграциялык кызматы дээрлик 1 000 кыргызстандыктын ысымын кара тизмеден чыгарды. Эми алар кайрадан Орусияга кире алышат. Өз ысымы кара тизмеде бар же жоктугун ведомствонун сайтынан текшерип алса болот.

Орусиянын бийлиги кыргызстандыктарга алгачкы жолу миграциялык мунапыс берип жаткан жок. Алар ушундай эле мунапысты кыргыз мигранттары үчүн 2018-жылы күзүндө жарыялашкан.