Премьер-министр кыргыз-казак чек арасындагы маселени «жакынкы күндөрү» чечээрин убадалады

Кыргыз-казак чек арасындагы оор жүк ташуучу унаалар. Сүрөт: Кыргызстандын айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы

Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, кыргыз-казак чек арасындагы маселелер «жакынкы күндөрү» чечилет. Чек арада бир нече жума бою Казакстан тарап чек ара көзөмөлүн күчөткөндөн кийин жүздөгөн оор жүк ташуучу унаалар топтолууда.

Абылгазиев 5-апрелдеги өкмөттүн отурумунда билдиргендей, ал бул маселени Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен үч ирет сүйлөшкөн.

«Кыргыз Республикасынын делегациясы Казакстанда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү жана биз макулдашууларга жетиштик, алардын натыйжасын жакынкы күндөрү көрөбүз», — деп айтты премьер-министр.

Абылгазиев кошумчалагандай, Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) мүчөлөрү Кыргызстандын укуктарын сактоого милдеттүү. Мурдараак Кыргызстандын экономика министрлиги Казакстандын бийлигин товарлардын ички рынокто эркин жүрүүсү тууралуу ЕЭАБдин жобосун бузууда деп айыптаган.

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын

Казакстандын чек ара кызматы өзүнүн «Карасу» өткөрмө бекетинде марттын ортосунан тарта көзөмөлдү күчөткөн. Бул Кыргызстандын аймагындагы чек арага жакын жерлерде жүздөгөн оор жүк унааларынан турган кезек күтүүлөргө алып келген.

Кыргыз жүк ташуучулары кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө биринчи жолу эле кыйынчылыктарга туш болуп жатышкан жок. 2017-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев менен казак бийлигинин араздашуусунан улам Казакстан чек арадан өткөрүү эрежелерин катаалданткан.

Ал учурда Казакстан бир ай бою кыргыз товарларын чек арада күчөтүлгөн тартипте текшерген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргыз-казак чек арасында 200дөн ашуун оор жүк унаасы чогулуп турат. Эмне болуп жатат?