Бир кадр менен: Мэрия соттон Бабановду колдоо митингине тыюу салууну суранды

Бишкек мэриясы соттон 13-апрелге белгиленген мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдоо митингине тыюу салууну суранды. Бул күнү саясатчы Кыргызстанга кайтып келүүнү убада кылган. Соттун митингге тыюу салуу боюнча отуруму 12-апрелде өтөт.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон. Ал шайлоодо экинчи орунду ээлеп, утулганын кабыл алып, өлкөдөн чыгып кеткен.

Кийинчерээк шайлоодон кийин Бабановго каршы эки кылмыш иши козголгон. Атайын кызмат аны бийликти басып алууга даярдануу жана улуттар аралык кастыкты козутууга айыптаган. Бабанов өзүнө каршы тагылып жаткан айыптарды «сандырак» деп атаган.

Бабанов саясаттан кетип жатканын ошол эле жылы 30-декабрда жарыялаган. Ал депутаттык мандатын тапшырып, өлкөдө чоңдугу боюнча экинчи орунда турган «Республика — Ата-Журт» партиясынын лидердик кызматынан кеткен.

Бул окуялардан бир жарым жыл өткөндөн кийин саясатчы анын өлкөдөн чыгып кетиши экс-президент Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков менен болгон сүйлөшүүлөргө байланыштуу экенин айтып чыкты. Ага ылайык, экс-президент менен учурдагы президент саясатчыга карата кылмыш куугунтуктары менен анын тарапкерлерине кысым көрсөтүүнү токтотуулары керек болгон.