Кантта белгисиз адамдар 12 жаштагы баланы уурдап кетишти — видео

Баланы уурдап кетишкен «Хонда Фит». Сүрөт: Чүй ИИБнин басма сөз кызматы

Чүй облустук ИИБинен билдиришкендей, 12 жаштагы Данил Браилкин Кант шаарынын №2 кичи районунда болжолдуу эртең мененки саат 9да уурдалган. Аны мектепке бара жаткан жеринен уурдап кетишкен.

Видео похищения Данила Браилкина в Канте. ‼️Органы внутренних дел Чуйской области просят всех, обладающих информацией о местонахождении похищенного мальчика или заметивших белую автомашину «Хонда Фит», сообщить по номерам: 102, 03124301, 274388 или 274385, а также 0700282699

Posted by 24_kg on Thursday, April 11, 2019

Видеодон бала жол чекесинде басып бара жатканда артынан «Яндекс Таксинин» эл белгиси чапталган ак түстөгү «Хонда Фит» унаасы токтоп, арткы эшиктен белгисиз адамдар чыга калып аны машина күч менен түртө башташканын көрүүгө болот. Ал каршылык көрсөткөнү менен бир нече секундда аны автоунаага тыгып, машина ордунан жүрүп кеткен.

Kaktus.Media басылмасы өз маалымат булактарына таянып билдиргендей, бала уурдалган «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа да уурдалган машиналардын тизмесинде экен.

«Яндекс.Такси» компаниясынан билдиришкендей, аларга видеобайкоо камераларына кайсы борт түшүп калганы белгисиз жана такси сервисинин кызматкерлери милиция менен дайыма иштешип жатышат.

«Биз Даниилдин ата-энесине керектүү маалыматтарды берип, адистерди [издөөгө] тартып, маалыматтарды таратып, баланын туугандары жана укук коргоо органдары менен дайыма байланышта болуп атабыз», — деп билдиришти «Яндекс Такиден».

Жоголуп кеткен баланын атасы кабарлагандай, алардын үй-бүлөсүнүн душмандары жок, бирок бир нече күн мурун ал бир киши менен айтышып кеткен. «Биз жакыр үй-бүлө эмеспиз, бирок баланы акча төлөп кайтаруу максатында уурдап кеткенчелик эмес. Биз эмдигиче Данилибиз менен эмне болгонун жана ал кайсыл жакта экенин билбейбиз», — деп айтышты туугандары.

Чүй облусунун ИИБинен «Клоопко» кабарлашкандай, бала жана аны уурдагандар табыла элек. «Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн маалыматтын көпчүлүгүн азырынча бере албайбыз», — деп кошумчалашты басма сөз кызматтан.

Эгер сизде Данилдин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, анда Чүй облусунун милициясы менен байланышыңыз: 0312 430-127, 0312 438-885, 0700 282-699.