Бишкек менен Таластын бийлиги Бабановду колдоо митингин аянттардан сейилбактарга жана стадиондорго жылдырды

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдоо митингин өткөрүүгө уруксат берип, бирок аны мэриянын өтүнүчү менен эски аянттан Горький атындагы сейилбакка жылдырды.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун акими Токтосун Султанов митингдин жылдырылышын эски аянтта Дүйнөлү саламаттык күнүнө карата өкмөт башчысынын катышуусунда иш-чаралар белгиленгени менен түшүндүрдү.

«Тынчтык чогулуштары жөнүндө мыйзамдын негизинде биз [Митингдин] өтөөр күнүн, жерин же митингдин жүрүшүнүн маршрутун коопсуздук масатында өзгөртүү укугу менен пайдаландык, анткени 13-апрельге карата биз Саламаттык сактоо министрлигине аянтта Ден соолук күнүн өткөрүүгө уруксат берип койгонбуз. Алар билдирмени биринчилерден болуп тапшырышкан», — деди Султанов «Клоопко» курган маегинде.

Таласта да ушуга окшош эле окуя болду. Шаардын мэриясы саясатчыны колдоо митингин аянттан Кутманалиев атындагы стадионго жылдырды.

Мындай чечимди Талас мэриясы 13-апрелде аянтта «АРИС» уюму жайыт комитеттерине мотоциклдерди өткөрүп бере турганы менен түшүндүрдү.

«Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев бийлик элдин ою менен эсептешпегенине жана аларга бут тосууга аракет кылганына нааразы болду.

«Бул эмне деген шумдук! Ушул күнгө чейин Таласта кандай гана митингдер өткөн эмес обладминистрация алдында! Биринчи жолу ушундай бут тосуу болуп жатат!» — деп нааразы болду депутат.

Бабановдун кайтып келүүсү

Бабанов Кыргызстанга 13-апрелде кайтып келүүнү пландап жатат. Саясатчынын тарапкерлери аны аэропорттон тосуп алышат. Андан соң өлкө боюнча Бабановду колдоо митингдери өтөт. Уюштуруучулар иш-чарага 10 миң адамды чогултунуу мерчемдешүүдө.

Саясатчы 2017-жылдын октябрындагы шайлоодо утулуп калган соң өлкөдөн чыгып кеткен. Ага каршы эки кылмыш иши козголгон. Атайын кызмат саясатчыны бийликти басып алууга даярдануу жана улуттар аралык кастыкты козутууга айыпташкан. Ал эми Бабанов өзүнө каршы тагылып жаткан айыптарды «сандырак» деп атаган

Бабанов саясаттан кетип жатканын ошол эле жылы 30-декабрда жарыялаган. Ал депутаттык мандатын тапшырып, өлкөдө чоңдугу боюнча экинчи орунда турган «Республика — Ата-Журт» партиясынын лидердик кызматынан кеткен.

Бул окуялардан бир жарым жыл өткөндөн кийин саясатчы анын өлкөдөн чыгып кетиши экс-президент Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков менен болгон сүйлөшүүлөргө байланыштуу экенин айтып чыкты. Ага ылайык, экс-президент менен учурдагы президент саясатчыга карата кылмыш куугунтуктары менен анын тарапкерлерине кысым көрсөтүүнү токтотуулары керек болгон.