Жалал-Абад: Баңгизат менен кармалган жигиттин энеси милиция кызматкерлери уулун кыйнап күнөөнү моюнга алдырганын айтууда

Токтогулдун 25 жаштагы тургуну апрелдин башында 2 килограммга жакын гашиш менен кармалган. Жалал-Абад облустук милициясы аны баңгизат жүгүртүүгө айыптоодо. Шектүүнүн апасы Гүлмира Шакирова милиция кызматкерлери күнөөнү уулуна «мажбурлап» мойнуна алдырганын айтып чыкты. Укук коргоочулар шектүүгө карата күч колдонулганын четке кагышууда.

Материал 18:20да жаңыртылды

Коомдук тармактарда 4-апрель күнү Токтогул районунун Торкен айлынын Абжал Нурбеков аттуу тургунунун видео кайрылуусу тараган. Ал Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «атайын уюштурулган сценарий боюнча» баңгизат менен кармалганын айтат.

«Жалал-Абад облусунун милиция кызматкерлери мени Токтогулдан кармап алып келишип, өздөрү атайын уюштуруп, өздөрү акча берип Жалал-Абадга алып келип урушту. Мойнума алдым, апа. Мага жардам берген эч ким болгон жок. Урушту мени, ургандарын көрсөтүп коёюн. Мына ушул жерим, бул жерим», — деп Нурбеков видео кайрылуу жолдогон.

Тасмадан анын бир буту менен желкесинде көк тактар болгонун байкоого болот.

Шектүүнүн апасы Гүлмира Шакирова 15-апрелде Ош шаарында маалымат жыйын өткөрүп, уулунун күнөөлүү эместигин айтты. Ал милиционерлер баласына күнөөнү «мажбурлап» мойнуна алдырган деп эсептейт.

«Уулумдун досу Нурсендин айтымында [милиционерлер] машиненин полигинин астынан скотч менен оролгон нерсени алып чыгып, баламдын астына коёт, ал “меники эмес! Бул эмне?” деп кыйкырыптыр. Уулумду милициянын кызматкерлери кыйнап күнөөнү мойнуна алдырган. Баламдын соттолгонун алар билишкен, ошондуктан да менин баламды тандашкан», — деди Шакирова.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБнин өкүлү Нурдинбек Жээнбеков 28-февраль күнү баланын үстүнөн ыкчам маалымат түшкөнүн, 2-апрелде милиционерлер Абжал Нурбековду 1 килограмм 700 грамм гашиш менен кармашканын «Клоопко» билдирди.

«Буга чейин айыпталуучу уурулук фактысы менен соттолуп, Бишкектеги №32 жатак абагында жаза мөөнөтүн сырттан өтөп жаткан. Ал жакта катталып коюп Токтогулга келип-кетип турган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде 100 миң сомго бааланган баңгизаты менен кармалды. Бардыгы ачык-айкын болгон», — дейт ал.

Жээнбеков шектүүгө карата укук коргоочулар тарабынан күч колдонулганын четке какты.

Ал эми Кыйноолордун алдын алуу борборунун Жалал-Абаддагы өкүлү Алишер Эрматов баңгизат жүгүртүүгө шектелген Абжал Нурбековдун ур-токмокко алынгандыгы боюнча прокуратурага арыз жазылганын билдирди.

«Кармалгандарды убактылуу кармоочу жайга киргизээрден мурун кыйноого кабылдыбы же жокпу аныкташ үчүн ооруканага алып барып, дарыгерлерге денесин каратыш керек эле. Бирок баланы караган дарыгерлер кылмышты жабып коюшкан. Биз барып Нурбековдун денесиндеги көк-аласын тартып, облустук прокуратурага арыз менен кайрылдык. Дарыгерлердин үстүнөн да арыз жазылды», — деди Эрматов.

Нурбековдун апасынын кайрылуусунун жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча борбордун корутундуларынын негизинде облустук прокуратура иш козгогон. Аталган факт «Кыйноо» беренеси боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ишти УКМК тергеп жатат.

Редактору: Айдай Беделбек кызы