Бишкек: Сот табып Зайналиевге бейтаптарды дарылоого тыюу салды

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова Бишкек шаардык соту Зайналиевге дарыгерлик кылууга тыюу салганын «Клоопко» кабарлады. Ошондой эле сот табыпты 100 миң сом өлчөмүндө штраф төлөөгө милдеттендирген.

Феврал айында Октябрь райондук соту да Зайналиевге ушундай эле тыюу салган. Бирок анда табып соттун өкүмүнө даттанган эле.

Саламаттык сактоо министрлиги Зайналиевде адамдарга медициналык жардам көрсөтүүгө жана аларды дарылоого лицензиясы жок деп бир нече ирет айтып келген. Ведомство дээрлик бардык органдарга, ошондой эле ИИМ менен УКМКга да кайрылган. Бирок ал органдар Зайналиевге карата чара көрүшкөн эмес, анткени министрлик жабырлануучу тарап болуп саналбайт. Ал эми Зайналиевдин бейтаптары анын үстүнөн милицияга арыздангылары келген эмес.

Бирок ага карабастан, Зайналиевди коргоо максатында президент Сооронбай Жээнбековдун атына ачык кат жазгандар болгон. Катка бир нече адам кол койгон, алардын ичинде КТРК жана ЭлТР телеканалдарынын мурдагы башчылары Кыяс Молдокасымов, Бейшенбек Бекешев жана башка журналисттер, окумуштуулар бар.

Табыпка карата 2017-жылы жайында «Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу» үчүн кылмыш иши козголгон. Ал кезде табыптын операциясынан улам бейтап аял каза тапкан. Ал оорулуунун эмчегин наркозсуз алып салууга аракет жасаган. Зайналиев клиникасын жабууга аргасыз болгону менен жазага тартылган эмес, себеби каза тапкан аялдын туугандары ошол бойдон анын үстүнөн арыз жазбай коюшкан.

Милиция ошондон кийин Зайналиев Жакынкы Чыгышка кеткен деп эсептеген. Бирок 2018-жылы май айында анын Бишкектеги клиникасы кайра иштеп баштаган. «Клооптун» журналисттери анын клиникасына барышкан. Бирок аларды табыптын жардамчылары киргизишпей, «эл душмандары» деп аташкан.