Ысык-Көлдүн тургундары менен «Жашылдар партиясынын» активисттери 30-апрель күнү Бишкекте уран казууга каршы митингге чыгышты. Биринчилери өз акциясын Горький атындагы сейил бакта өткөрүшүүдө, ал эми экинчилери митингге алгач Ала-Тоо аянтына чыгышып, андан кийин сейил бактагы нааразычылык акциясына кошулушкан.
«Миң-Куш менен Кажы-Сайда адамдар ооруп жатышат. Муну качан токтотобуз? Ошондуктан мен бийликке жана президент Сооронбай Жээнбековго муну токтотууну суранып кайрылып жатам», — деди Горький сейил багындагы митингчилердин бири.
Ысык-Көлдүктөр өз нааразычылык акциясын 29-апрелде Балыкчы мэриясынын алдында башташкан. Митингдин кээ бир катышуучулары митингди улантуу үчүн Бишкекке келишкен.
«Жашылдар партиясынын» активисттери каршылык акциясына «Ала-Тоо» аянтына чыгышкан, бирок буга чейин Бишкеке шаардык соту аларга аянтта митинг өткөрүүгө тыюу салган. Сотко райондук администрация кайрылган. Ал тыюу салууну аянтта башка иш-чаралардын өтүшү пландалган деп негиздеген.
«Толук укугубуз бар деп ойлойбуз. Өзүңөр көрүп тургандай, аянтта эч кандай иш-чара болгон жок», — деп айтты кыймылдын лидери Эркин Бөлөкбаев.
Бирок бир аздан кийин активисттер аянттан кетүүгө мажбур болушуп, Горький сейил багындагы балыкчылыктардын нааразычылык акциясына кошулушкан.
Ысык-Көлдө уран казуу
Кыргызстандыктар апрелдин аягынан бери уран казууга каршы митингдерге чыгып келишет. Ысык-Көл облусунда бир катар митингдер болуп өткөн, анда «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы Таш-Булак уран кенинде геологиялык чалгындоо иштерин аяктап, ал жерде уран казганы даяр турган болчу.
Активисттер Бишкекте митинг өткөрүшкөн. Уран казууга каршы онлайн петиция 29 миңден ашуун кол топтогон.
Митингдерден кийин бийликтегилер «ЮрАзия» компаниясынын уран кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүү лицензиясы чакыртып алынды деп билдиришкен, бирок бир нече күндөн кийин өкмөт лицензияны жөн гана токтоткондугу тууралуу белгилүү болгон.
Муну менен кошо парламенттин депутаттары уран казууга мораторий киргизүү боюнча эки мыйзам долбоорун демилгелешкен. Алардын бирөөсү өлкө боюнча 2070-жылга чейин уран казууга мораторий киргизүүнү шарттайт, ал эми экинчиси 20 жылга тыюу салып, Ысык-Көл облусу менен гана чектелет.